ТРТда 15 - июлга карата иш чара болуп өттү

Иш  - чарага  ТРТнын башкаруу кеңешинин төрагасы Ахмет Албайрк, ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажы менен мекеменин кызматкерлери катышты.

1855594
ТРТда  15 -  июлга карата  иш чара болуп өттү
trt 15 temmuz anma
trt 15 temmuz anma.jpg
trt genel lmuduru mehmet zahit sobaci

Түркия радио - телекөрсөтүү мекемесинин башкы директору Мехмет Захид Собажы 2016 - жыл 15 -  июль түнү  Фетуллахчы террордук уюмдун төңкөрүш кыймылына каршы күрөш тууралуу ар платформада  сөз кылышарын айтты. 

15 -  июль күнү козголоңчу ФЕТӨнүн максаттарынын бири болгон борбор шаар Анкарадагы  ТРТнын Оран кампусунда  шейиттер үчүн эскерүү аземи уюштурулду. 

Иш  - чарага  ТРТнын башкаруу кеңешинин төрагасы Ахмет Албайрк, ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажы менен мекеменин кызматкерлери катышты. 

Собажы  сөзүндө дүйнөдө жаңы бир демократия  китеби жазыла турган болсо баш сөз Түркиянын укугу болорун айтты. 

"15 -  Июль Демократия жана улуттук биримдик күнүндө дүйнөгө эки убадабыз бар",- деген Собажы : "Биринчиси жапа чеккендерге, эсеп  - кысап жасалган аймактарга : бир өлкөнү мекен кылгандар, аны өз жанынан артык көрүп, жүрөгүндө алып жүргөндөр. Экинич убадабыз, ФЕТӨ сыяктуу саткын жана канкор  террордук уюмдарга, тымызын пландар менен дүйнөнү башкара аларын ойлогондорго; адамдарга каршы ким план даярдай алат? Мекенге ким тузак кура алат? Биз жазган дастан бизге Кудайдын белеги, бүткүл дүйнөгө шык берет",- деди. 

Собажы ФЕТӨнүн караңгы жүзүнө каршы күрөштү баса белгилеп : "Бул күрөш тууралуу ар платформада сөз кылабыз",- деди. 

ТРТнын башкы директору : "ФЕТӨ саткындары менен бирге  бардык террордук уюмдарды, колдоочуларын жана ыплас пландарын берүүлөрүбүздө чечмелөөнү улантабыз",- деди. 

ТРТ Оран кампусундагы эскерүү аземинде ФЕТӨнүн кыянаттык чамбарынан сөз кылган "Армияга, мамлекетке, улутка тузак" аттуу даректүү тасманын биринчи бөлүгү да көрсөтүлдү. 

Аземден кийин 15 -  июлдун ардагери ТРТ кызматкрелерине түрк желеги жана Куран - Карим белекке берилди. 

 

 

 



Тектеш кабарлар