Дүйнөдө 15 - Июль эскерүү иш - чаралары өткөрүлүүдө

Британиянын Лутон шаарында Британ  -  Түрк коомунун жетекчилигинде "15 -  Июль Демокртаия жана улуттук биримдик күнүнөн" улам  эскерүү программалары өткөрүлдү.

1855381
Дүйнөдө 15 -  Июль эскерүү иш  -  чаралары өткөрүлүүдө
ingiltere 15 temmuz.jpg
isvicre 15 temmuz.jpg
guney afrika 15 temmuz.jpg

Британиянын Лутон шаарында Британ  -  Түрк коомунун жетекчилигинде "15 -  Июль Демокртаия жана улуттук биримдик күнүнөн" улам  эскерүү программалары өткөрүлдү.

Иш  -  чарага Түркиянын Лондондогу элчиси Үмит  Ялчын, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Ризе депутаты жана НАТО Парламенттер ассамблеясынын түрк фракциясынын жетекчиси Осман Ашкын Бак, жогорку мартабалуу жетекчилер менен көп сандаган түрк жана Британ жарандары катышты. 

Үмит Ялчын бул жерде сүйлөгөн сөзүндө  Фетуллахчы террордук уюмдун 2016 -  жыл 15 -  июлдагы төңкөрүш кыймылы жана кыянаттыгын түшүндүрө турган ылайыктуу сөз табуунун мүмкүн эмес экендигин белгиледи. 

Кытайдын борбор шаары Пекинде да 15 -  июль шейиттери эскерилди.

Түркия элчилигинде болгон аземде коммуникация башкармалыгы тарабынан даярдалган видеолор көрсөтүлдү. 

Элчи Абдулкадир Эмин Өнен ФЕТӨнүн өлкө тышында чет өлкөдө кеңири жайылган түзүлүшкө ээ экенин баса белгилеп, 15-июль жана чыккынчы террор уюму тууралуу түшүндүрүүнү улантууга чакырды. 

Түштүк Африка Республикасынын Йоханнесбург шаарында да Нелсон Мандела фондунда "15 -  Июль Демократиянын жеңиши" деген темада панель өткөрүлдү. Панель  Түркиянын Преториядагы элчилиги, Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги ТИКА, Түркия Маариф фонду менен Юнус Эмре Институтунун кызматташуусу менен өткөрүлдү. 

Түркиянын Претория элчиси Айшегүл Кандаш ФЕТӨнүн кандуу төңкөрүш кыймылынын түздөн түз Түркиянын конституциялык жана демократиялык тартибин жок кылууну максат кылган террордук  кол салуу экендигин айтты. 

Түндүк македониянын борбор шаары Скопиядагы Түркия элчилигинде болгон жыйында сөз сүйлөгөн элчи Хасан Мехмет Секизкөк ФЕТӨ иш алып барган башка өлкөлөр үчүн да бир коопсуздук коркунучу болгондугун айтып, террор менен күрөшүүдө биргеликте кыймыл кылуунун маанисине басым жасалды. Элчи СекизкөкТүндүк Македония мекемелеринин уюмдун мүчөлөрүнө жана алардын иштерине карата так кадам таштоолорун күткөндөрүн айтты. 

Швейцариянын Цюрих шаарында 15-Июль Демократия жана улуттук биримдик күнүнө карата эскерүү аземи өткөрүлдү. Түркиянын Цюрихтеги башкы консулдугунда өткөрүлгөн иш-чарага Швейцариядагы түрк бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү жана түрк коомчулугунан ысымдар катышты.

Алжирде да 15-Июль Демократия жана улуттук биримдик күнүнө карата эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү. Түркиянын Алжир элчилиги тарабынан борбор шаар Алжирдеги элчиликтин канцеляриясында уюштурулган программада 15-июль шейиттери эскерилди.

15 -  Июль Демократия жана улуттук биримдик күнүнөн улам Түркиянын Ватикан элчилигинин короосунда эскерүү иш  -  чарасы өткөрүлдү. 

Түркиянын Ватикан элчиси Лүтфуллах Гөкташтын жетекчилигиндеги иш  -  чарага Түркиянын Румыния элчиси Өмер Гүжүк жана башка бир топ конок катышты. Иш  -  чарада элчи Гөкташ Түркиянын бардык террордук уюмдар менен күрөшкөндөй эле ФЕТӨ менен да мыйзамдын чегинде чечкиндүүлүк менен күрөшүп жаткандыгын белгилеп : "Союздштарыбыздын ФЕТӨ менен бирге террордук уюмдардын эч бирине чыдамдуулук көрсөтпөшү керектигин күтүп жатабыз",- деди. 

Казакстандын борбор шаары Нур - Султанда 15 -  Июль Демократия жана улуттук биримдик күнүнөн улам  эскерүү иш  -  чарасы өткөрүлдү. 

Түркиянын Нур  -  Султан элчиси Уфук Экижинин жетекчилигинде элчилик имаратында өткөрүлгөн иш  -  чарага Казакстандын мамлекеттик жана аскердик мекемелеринин жетекчилери, дипломаттар, түрк мекемелеринин өкүлдөрү менен басма сөз кызматкерлери катышты. 

ФЕТӨ менен күрөшүүнүн бекемделиши тууралуу казак мекемелери менен да байланыштардын улантылып жаткандыгына көңүлдөрдү бурган Экижи : "Казакстан мекемелеринен күтүүбүз ФЕТӨ менен таасирдүү күрөштүн жүргүзүлүшү. Бул жерде өлкөбүз Казакстанга бардык маалымат жана колдоону берүүгө даяр",- деди. 

Россиянын борбор шаары Москвада да "15 -  Июль Демократия жана улуттук биримдик күнүнөн" улам эскерүү иш  - чарасы өткөрүлдү.

Түркиянын Москвадагы элчиси Мехмет Самсардын жетекчилигинде элчиликтин имаратында өткөн иш  - чарага элчиликтин кызматкерлери, түрк мекемелери жана мекемелердин өкүлдөрү менен түрк жарандар катышты. Иш  -  чарада сөз сүйлөгөн Сансар : "Россия ФЕТО менен күрөшүүдө Түркияга керек болгон колдоону берип жатат",- деди. 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар