15 - Июлга карата куттуктоолор

Түркиянын ал караңгы түнү жарыкка чыгышы үчүн күрөшкөн жаран, полиция жана аскерлерден 150сү борбор шаар Анкарада, 99зу Стамбулда, экөөсү Муглада шейит болду.

1855366
15 -  Июлга карата куттуктоолор
emine erdogan.jpg

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп соцтармактан берген билдирүүсүндө  15 -  июль күнү ыйман нурунун зулумчулуктун караңгылыгын жеңип чыккандыгын айтты. Шентоп : "Тарыхында көз карандысыздыгына так түшүрбөгөн шаңдуу желегибизди жерге түшүрбөгөн, мекенине ээ чыккан  улуу элибиздин жаккан шамы келечегибизди жаркытандырууну улантат жана бул дастан муундан муунга айтылып калат",- деди. 

Вице  - президент Фуат Октай 2016 -  жыл 15 -  июлдагы чыккынчылык төңкөрүш кыймылында шейит болгондорду эскерди. 

Октай соцтармактан берген билдирүүсүндө : "Ар  - намысыбыз менен өлөбүз деген улутка ким тизе бүктүрө алат? 15 -  июлдагы төңкөрүш кыймылында президентибиздин лидерлигинде улуттун эрки менен бул кол салууну токтоткон шейиттерибизди  эскерип, каарман ардагерлерибизге ыраазычылыгымды билдирем",- деди. 

Адилеттик министри Бекир Боздаг да 15 -  июлдун түрк демократия тарыхында бурулуш жери болгондугун белгиледи. Боздаг соцтармактан жарыялаган билдирүүсүндө : "Мындан кийин төңкөрүш жасоону көздөгөн жана аракет кылган саткындар алдында түрк калкын көрөт",- деди. 

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын да ФЕТӨчү саткындарга кучак ачкан өлкөлөргө карата : "Койнуңарда бакка жылан бир күн келип силерди да чагып атал, бул уулуу түзүмдөн эртерээк кутулгула",- деди. 

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун да 15 -  Июль Демократия жана улуттук биримдик күнүнөн улам соцтармактан жарыялаган билдирүүсүндө, ал түнү лидердин чакыруусу менен көчөлөргө чыккан элдин, келечегине, көз карандысыздыгына жана демократиясына ээ чыккандыгын, ушундайча улуттун эгемендиктин ээси жеке элдин өзү экендигин бүткүл дүйнөгө жарыялагандыгын белгиледи. 

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын  басма сөз катчысы Өмер Челик социалдык медиадагы билдирүүсүндө, 15-июлдун жапа тырмак жана дастанга айланган күрөштүн алты жылдыгы экенин эске салып : "Элибиз террордук баскынчылыкка  каршы туруп, кыянаттык кыймылын жок кылды",- деди. 

 

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган да ФЕТӨнүн 15 -  июлдагы төңкөрүш кыймылынын алтынчы жылы,  Демократия жана улуттук биримдик күнүнөн улам соцтармактан 15 -  июлда жаңыдан жетилип келе жаткан, аял, эркек болсун ар бир жарандын бир жүрөк болуп тирилүүнүн символу экендигин белгилеп : "Тарыхта калган 15 -  июль дастаны, алардын чечкиндүүлүгү жана күчү менен жазылды",- деп билдирди. 

 

Фетуллахчы террордук уюмдун 2016 -  жыл 15 -  июлдагы төңкөрүш кыймылы болгон түнү тарыхта окшошуна аз кездешилген каршы чыгууну көрсөткөн түрк улуту өлкөнүн келечегине жана эркиндигине дагы бир жолу ээ чыгып, Түркиянын ал караңгы түнү жарыкка чыгышы үчүн күрөшкөн жаран, полиция жана аскерлерден 150сү борбор шаар Анкарада, 99зу Стамбулда, экөөсү Муглада шейит болду. 

 

 



Тектеш кабарлар