Эрдогандын телефондук сүйлөшүүлөрү

Өз ара майрамдык куттуктоолор айтылган сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу карым-катнаштар жана аймактык маселелер да каралды.

1854999
Эрдогандын телефондук сүйлөшүүлөрү

Президент Режеп Таййип Эрдоган телефондук сүйлөшүүлөрүн Курман айтта да улантты.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын социалдык медиа баракчасынан бөлүшүлгөн билдирүүгө караганда, президент Эрдоган майрамда Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татар, Палестинанын президенти Махмуд Аббас, Израилдин президенти Исхак Герцог жана премьер-министр Яир Лапид, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Орусиянын президенти Владимир Путин жана Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Эрдоган, Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман бин Абдулазиз Аль Сауд, Гвинея Бисаунун президенти Умаро Сиссоко Эмбало, Конго Демократиялык Республикасынын президенти Феликс Тшисекеди, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Танзаниянын президенти Самия Сулуху Хасан, Ливандын премьер-министри Нежип Микати, Бириккен Ал Араб Эмирликтеринин президенти шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахайян жана Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамед Аль Тани менен да телефон аркылуу сүйлөштү.

Өз ара майрамдык куттуктоолор айтылган сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу карым-катнаштар жана аймактык маселелер каралып, «Кара деңизде дан коридорун түзүү» жана «Украина менен Орусиянын ортосундагы согушту туруктуу жана адилеттүү тынчтык менен сүйлөшүү жолу аркылуу токтотуу» сыяктуу маселелер да күн тартибинде болду.



Тектеш кабарлар