Эл аралык энергетика агенттигинин төрагасы Фатих Бирол энергетика кризисинин болгонун айтты

Бирол Австралиянын Сидней шаарында өткөрүлгөн глобалдык энергетика форумунда сөз сүйлөп, биринчи глобалдык энергетика кризиси болгонун белгиледи.

1854738
Эл аралык энергетика агенттигинин төрагасы Фатих Бирол  энергетика кризисинин болгонун айтты

Эл аралык энергетика агенттигинин төрагасы Фатих Бирол глобалдык энергетикалык кризистин болгондугун белгилеп, дүйнөнүн мынчалык чоң энергетика кризисине эч качан күбө болбогонун айтты.

Бирол Австралиянын Сидней шаарында өткөрүлгөн глобалдык энергетика форумунда сөз сүйлөп, биринчи глобалдык энергетика кризиси болгонун белгиледи. 

Нефть, жаратылыш газы, көмүр жана электр энергиясынын баасынын жогорулаганын айткан Бирол: "Эмне үчүн? Абдан жөнөкөй. Украинаны оккупациялап алган Россия мунай жана жаратылыш газын экспорттоо боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Жыйынтыгында биз бүтүндөй энергетика системасы кризистен өтүп жатканын көрүп жатабыз",- деди. 

Бирол глобалдык энергетикалык кризистин бар экенин белгилеп : "Дүйнө тереңдиги жана татаалдыгы боюнча мынчалык масштабдагы энергетикалык кризисти эч качан көргөн эмес. Европада быйылкы кыш өтө оор болот",- деп билдирди. 

 



Тектеш кабарлар