Эрдоган Сребреница геноцидинин 27 жылдыгына карата билдирүү жарыялады
Серб аскерлери 8372 босниялыкты кырып салышкан болчу.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Сребреница геноцидинин 27-жылында каза болгондорду эскерди.
Эрдоган социалдык тармактагы баракчасынан бөлүшкөн билдирүүсүндө: «Европанын чок ортосунда болгон, адамзат тарыхынын кара тактарынын бири Сребреница геноцидинин 27 жылдыгында шейиттерибизге Аллахтан ырайым, кайгылуу үй-бүлөлөрүнө сабыр тилейм. Чындык жана адилеттүүлүк издеген босниялык боордошторубузду эч качан жалгыз калтырбайбыз»,-деди.
1995-жылы 11-июлда Ратко Младичтин командачылыгындагы серб аскерлери Сребреница шаарын басып алгандан кийин Бириккен Улуттар Уюмунун карамагындагы нидерландиялык аскерлерге баш калкалаган карапайым босниялыктар кийинчерээк сербдерге өткөрүлүп берилген.
Аялдар менен балдардын босниялык аскерлердин көзөмөлүндөгү аймакка баруусуна уруксат берген сербдер токойлуу аянттарда, заводдордо жана кампаларда кеминде 8372 босниялык эркекти кырып салышкан болчу.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.