Эрдоган Орусиянын президенти Путин менен сүйлөштү
Сүйлөшүүдө Сириядагы абал, ошондой эле Украина-Орусия согушу жана Кара деңизде дан экспорту үчүн коопсуз коридорлордун түзүлүшү талкууланды.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын маалыматына караганда сүйлөшүүдө Сириядагы абал, ошондой эле Украина-Орусия согушу жана Кара деңизде дан экспорту үчүн коопсуз коридорлордун түзүлүүсү талкууланды.
Президент Эрдоган сүйлөшүүдө Сириядагы чек ара механизминин кеңейтилишине маани бергенин билдирди.
Эрдоган Бириккен Улуттар Уюмунун Кара деңизде дан экспорту үчүн коопсуз коридорлорду түзүү планына карата чара көрүүнүн мезгили келгенин айтты.
Бир тараптан президент Эрдоган, Украина менен Орусиянын ортосундагы согуштун сүйлөшүүлөр аркылуу туруктуу жана адилеттүү тынчтык менен аякташы керектигин дагы бир жолу баса белгилеп, Түркия катары ушул убакка чейин жасагандай эле сүйлөшүү процессинин жанданышына колдон келген салымын кошууга даяр экендиктерин белгиледи.