Түркиянын Шри-Ланка билдирүүсү

Түркия Шри-Ланкада уланып жаткан нааразылык акцияларында зомбулуктун күчөшүнө тынчсыздануусун билдирди.

1854089
Түркиянын Шри-Ланка билдирүүсү

Түркия Шри-Ланкада уланып жаткан нааразылык акцияларында зомбулуктун күчөшүнө тынчсыздануусун билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Биз Шри-Ланкадагы окуяларга жана уланып жаткан нааразылык акцияларында күчөгөн зордук-зомбулукка тынчсызданып жатабыз. Өлкөнүн алдында турган олуттуу саясий жана экономикалык көйгөйлөрдү чечүү социалдык жарашуу аркылуу болот деп эсептейбиз. Бул процессте биз бардык тараптарды сабырдуулукка жана зордук-зомбулуктан алыс болгуууга чакырабыз»,деген сөздөр камтылган.

Тарыхындагы эң чоң экономикалык кризиске кабылган өлкөдө премьер-министр Ранил Викремесинг кызматтан кетүүгө даяр экенин айткандан бир нече саат өткөндөн кийин демонстранттар премьер-министрдин резиденциясына кирип, имаратты өрттөштү.



Тектеш кабарлар