Хулуси Акар : " Террор менен күрөшүбүз улантылат"

Акар жана Түрк куралдуу күчтөрүнүн  командирлери Курман айтты түрк аскерлери менен бирге «Шейиттер дөбөсүнүн бүркүттөрү» деп аталган Хаккари Йүксековадагы Даглыжада майрамдашты.

1854036
Хулуси Акар : " Террор менен күрөшүбүз улантылат"

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар : "Аты кааласа ПКК/ЙПГ/ПЙД кааласа ДЕАШ кааласа ФЕТӨ болсун, террор менен күрөшүбүз улантылат. Буларга ким колдоо берип жаткан болсо аларга мүмкүнчүлүк бербейбиз",- деди. 

Акар жана Түрк куралдуу күчтөрүнүн  командирлери Курман айтты түрк аскерлери менен бирге «Шейиттер дөбөсүнүн бүркүттөрү» деп аталган Хаккари Йүксековадагы Даглыжада майрамдашты. 

Министр Хулуси : "Террор менен күрөш бүтө элек, улантылууда. Керек болсо өлкө ичинде керек болсо чек ара тышында күрөшүбүздү акыркы бир террорист жок кылынганга чейин улантарыбыздан эч ким күмөн санабасын",- деди.  

Сөзүндө чек аралардын жана жарандардын коопсуздугунун маанисине да токтолгон Акар : "Биз эч кимдин жерине көз салбайбыз. Эң башта Ирак жана Сирия болгон бардык коңшуларыбыздын жеринин бүтүндүгүнө сый көрсөтөбүз. Биз бир гана чек араларыбыздын жана 85 миллион жараныбыздын коопсуздугун түзүү үчүн иштеп жатабыз",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар