Түркиядагы 7 орто мектеп Балкан өлкөлөрүнөн окуучуларды кабыл алат

Сараево билим берүү кеңешчиси Фарук Берат Акчешме 2022-23-окуу жылынын Эл аралык билим берүү программасынын алкагында кесиптик жана техникалык Анадолу лицейлерине окуучуларды кабыл алуу программасы тууралуу маалымат берди.

1853441
Түркиядагы 7 орто мектеп Балкан өлкөлөрүнөн окуучуларды кабыл алат

Балкан өлкөлөрүндө башталгыч билимин аяктаган окуучуларга Түркияда билимин улантуу мүмкүнчүлүгү тартууланат.

Түркия Республикасынын Улуттук билим берүү министрлиги, Маданият жана туризм министрлиги менен Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын (YTB) ортосунда кол коюлган протоколдун алкагында, Балкан өлкөлөрүндө башталгыч билимин аяктаган окуучуларга Түркиядагы 7 Эл аралык кесиптик жана техникалык Анадолу лицейинде жатактуу жана стипендиялык билим алуу мүмкүнчүлүгү берилет.

Сараево билим берүү кеңешчиси Фарук Берат Акчешме 2022-23-окуу жылынын Эл аралык билим берүү программасынын алкагында кесиптик жана техникалык Анадолу лицейлерине окуучуларды кабыл алуу программасы тууралуу маалымат берди.

Акчешме аты аталган 7 орто мектептин Анкара, Балыкесир, Бурса, Стамбул, Конья жана Орду шаарларында экенин жана протоколдун алкагында билим ала турган окуучуларга бекер жатак жана стипендиялык колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи.

Окуучулардын Түркияда жүргөндө медициналык камсыздандыруусу да болоорун баса белгилеген Акчешме, академиялык курстарга да бекер катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло тургандарын айтты.

Акчешме, кулактандыруулардын жана арыздардын 20-июлга чейин улана турганын, жазуу түрүндөгү сынактын болсо 27-июлда, оозеки маектешүү сынагынын 28-29-июлда болорун билдирди.

Сынактын жыйынтыгы 1-августта жарыяланып документтер 1-5-августта тапшырыла турганы, Түркияга келүү жана окуу жайларга жайгаштыруу 12-18-сентябрда ишке ашаары маалымдалды.



Тектеш кабарлар