COP26 төрагасы Шарма Анкарада Эмине Эрдоганга ыраазычылык билдирди
Түркиянын Париж келишимине кол коюусуна ыраазылыгын билдирген Шарма, Эмине Эрдогандын таштандысыз калдык баш болгон экологиялык долбоорлорго кошкон салымдарынын мактоого арзырлык экенин айтты.
Президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын (UNFCCC) 26-Тараптар конференциясынын (COP26) төрагасы Алок Шарма менен жолугушту.
COP26 төрагасы Шарма борбор шаар Анкарада биринчи айым Эрдоганга ыраазычылык билдирди.
Президенттик комплекстин мамлекеттик конок үйүндөгү жолугушууга Британиянын Анкарадагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Марианна Янг да катышты.
Түркиянын Париж келишимине кол коюусуна ыраазылыгын билдирген Шарма, Эмине Эрдогандын таштандысыз калдык баш болгон экологиялык долбоорлорго кошкон салымдарынын мактоого арзырлык экенин айтты.
COP26 алкагында глобалдык океан альянсынын түзүлгөнүн белгилеген Шарма, Эмине Эрдоганды бул чөйрөдөгү ииштерге колдоо көрсөтүүгө чакырды.
Биринчи айым Эрдоган, «глобалдык океан альянсынын» иш-аракеттерине колдоо көрсөтүүдөн кубанычта болоорун айтты.
Шарма жолугушуу учурунда Эмине Эрдоганга Британиянын ханышасы Елизавета IIнин туулган күнү үчүн атайын даярдалган коллекциядагы фарфор чөйчөктү белек кылды. Эмине Эрдоган да Шармага Маданият жана туризм министрлигинин басылмалары тарабынан чыгарылган «Түрк ашканасы» китебин белек кылды.
Тектеш кабарлар
Каржы министри Мехмет Шимшек : "Түркия экономикасы ишеним берүүдө"
Мехмет Шимшек АКШдагы жолугушуулары тууралуу ТРТге маалымат берди.