20 террорист жок кылынды
Улуттук Коргоо министрлиги билдирүү жасады.
1852492
Сирияда Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан жүргүзүлгөн «Зайтун бутагы» жана «Евфрат калканы» операциялары аймактарында жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 20 террорист жок кылынды.
Улуттук Коргоо министрлигинин Твиттер баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө: «Баатыр десанттарыбыз «Зайтун бутагы» жана «Евфрат калканы» аймактарында дагы бир ийгиликтүү операция жүргүзүштү. Тынчтык жана коопсуздук чөйрөсүн бузуу үчүн кол салууга аракет кылган ПКК/ЙПГга мүчө 20 террорист таасирсиз кылынды»,-деп кабарланды.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.