Түркия Өзбекстанга чакыруу салды

Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын Каракалпакстан автономиялуу республикасында болгон окуялар тууралуу : «Өзбекстан башкаруусунун жана калкынын окуяларды тынчтык чөйрөсүндө  чечерине толук ишенебиз»,- деп билдирилди.

1851827
Түркия Өзбекстанга чакыруу салды

Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын Каракалпакстан автономиялуу республикасында болгон окуялар тууралуу : «Өзбекстан башкаруусунун жана калкынын окуяларды тынчтык чөйрөсүндө  чечерине толук ишенебиз»,- деп билдирилди.

Министрликтен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Өзбекстандын Каракалпакстан Республикасында   болгон окуялардын жакындан иликтенгендиги белгиленип : «Орток маданий, тарыхый байланыштарыбыз болгон, стратегиялык өнөктөшүбүз, дос жана бир тууган Өзбестандын туруктуулук жана бейкуттугуна чоң маани беребиз»- деп айтылды.

Окуяларда каза болгондор үчүн көңүл айтылып, жаралуулардын бат айыгып кетиши кааланган билдирүүдө : «Өзбекстан башкаруусунун жана калкынын окуяларды сезимталдуулук  жана тынчтык менен чечерине толук ишенебиз»,- деп билдирилди.

Өзбекстан конституциясында  Каракалпакстан автономиялуу республикасынын статусу тууралуу беренелердин өзгөртүлөрүнө байланыштуу айрым сунуштардын күн тартибине келиши 1 -  июлда Каракалпакстанда нааразычылык акциясынын башталышына себеп болду.

Ушул боюнча Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев митингдер улантылып жаткан Нукуска барып жарандар менен жолугушту жана Каракалпакстандын статусунун өзгөртүлбөй тургандыгын билдирди.

Нааразычылык акцияларынын улантылышы менен Мирзиеев тарабынан кол коюлган жарлык менен Каракалпакстан автономиялуу республикасында 2 -  августка чейин өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Өзбекстандын башкы прокурорлугу окуяларда 18 кишинин каза болгондугун, 243 кишинин да жаралангандыгын, 516 кишинин камакка алынгандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар