Түрк аба жолдору менен Стамбул аэропорту Европада лидер

EUROCONTROL 27-июндан 3-июлга чейин камтыган ушул жылдын 26-жумасынын көрсөткүчтөрүн жарыялады

1852270
Түрк аба жолдору менен Стамбул аэропорту Европада лидер

Түрк аба жолдору (THY) менен Стамбул аэропорту учуу жана жүргүнчү санындагы ийгиликтерине жаңыларын кошууда.

Европанын Аэронавигация коопсуздугу уюмунун (EUROCONTROL) көрсөткүчтөрүнө караганда Түрк аба жолдору, ал эми Эл аралык аэропорттор кеңешинин (ACI) маалыматы боюнча Стамбул аэропорту Европада лидер болду.

EUROCONTROL 27-июндан 3-июлга чейин камтыган ушул жылдын 26-жумасынын көрсөткүчтөрүн жарыялады.

Буга ылайык күнүмдүк 1510 каттам менен Европада эң көп каттам жасаган үчүнчү авиакомпания болгон THY, желек ташуучу компаниялар арасында эң көп учкан аба жолу болду.

Белгиленген даталарда күнүмдүк 2 миң 982 каттам менен Ryanair биринчи орунду алса, Easyjet 1571 каттам менен экинчи орунду ээледи.

Германиянын аба жолдору Lufthansa болсо 1153 каттам менен THYдан кийин төртүнчү орунду алды.

Стамбул аэропорту болсо май айында 5 миллион 661 миң 151 жүргүнчү менен Европадагы аэропорттор арасында биринчи орунду ээледи.

Стамбул аэропортунан кийин 5 миллион 341 миң 644 жүргүнчү менен Лондон Хитроу жана 5 миллион 227 миң 412 жүргүнчү менен Париж Шарль де Голль аэропорттору болду.



Тектеш кабарлар