Ооганстанга бешинчи «Жакшылык поезди» жөнөтүлдү

«Жакшылык поездинин» бешинчи сапары үчүн тарыхый Анкара вокзалында азем өткөрүлдү.

1851806
Ооганстанга бешинчи «Жакшылык поезди» жөнөтүлдү

Апаат жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу башкармалыгынын (AFAD) координациясында бейөкмөт уюмдардын (БӨУ) колдоосу менен чогултулган жардам материалдарын ташыган жана 8 контейнерден турган бешинчи «Жакшылык поезди» борбор шаар Анкарадан Ооганстанга жөнөтүлдү.

«Жакшылык поездинин» бешинчи сапары үчүн тарыхый Анкара вокзалында азем өткөрүлдү.

AFADдын төрага орун басары Хамза Ташделен аземде сүйлөгөн сөзүндө Ооганстан элинин кыйынчылыгын жүрөгү менен сезгендерин, 5-сапары менен 19 миллион киши чукул азык-түлүк жардамына муктаж болгон жерлерге жардам алып бара тургандарын айтты.

Ташделен катаал шарттарда, кургакчылык жана жакырчылык менен күрөшкөн ооган элинин жанында экендерин айтты.

Ташделен Ооганстанда 22-июнда болгон жер титирөөдө каза болгондорго көңүл айтып, жер титирөөдөн кийин Ооганстан элин жалгыз калтырбагандарын, жакшылык поезддери менен колдоо көрсөтүүнү уланткандарын белгиледи.

Ташделен мындай деди: «Акыркы 4 сапарда бейөкмөт уюмдарыбыз тарабынан берилген жалпысынан 4170 тонна жардамды миңдеген үй-бүлөлөргө жөнөттүк. Бешинчи сапарда 1400 тонна жардамды 3 башка поезд менен жеткиребиз. 1000 чатыр, азык-түлүк, кийим-кече, жууркан-төшөк, ден-соолук жана гигиена материалдары жабыр тарткандарга жетет. Мамлекетибиздин мээримдүүлүк жана боорукерлик менен берген жардамын Ооганстан элине жеткиребиз».

Башкалар сыяктуу эле 5-Жакшылык поезди да 4168 километр жолду басып өтүп Ооганстандын Тургунди шаарына 12 күндүн ичинде жетет.



Тектеш кабарлар