Хулуси Акар Ел Румаити менен жолугушту

Жолугушууда эки тараптуу жана аймактык темалар менен бирге аскердик билим берүүдө кызматташуу каралды.

1852329
Хулуси Акар  Ел Румаити менен жолугушту

Улутутк коргоо министри Хулуси Акар расмий сапар менен Түркияга келген Бириккен Арап Эмирликтеринин башкы штабынын төрагасы, генерал Хамад Мухаммед Тани Ел Румаитини кабыл алды. 

Борбор шаар Анкарада Улуттук коргоо министрлигинде өткөн жолугушууда эки тараптуу жана аймактык темалар менен бирге аскердик билим берүүдө кызматташуу менен коргоо өнөр жайы темаларында пикир алмашууларда болушту. 

Ел Румаити мындан мурда да башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Яшар Гүлер менен  жолугушуу өткөрдү. 



Тектеш кабарлар