Түркия Италияга көңүл айтты

Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндөгү билдирүүсүн жарыялады.

1851744
Түркия Италияга көңүл айтты

Түркия Альп тоосунун Италия тарабындагы муз массасынын урап түшүшүнүн натыйжасында каза болгондор үчүн көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, кечээ Альп тоосунун Италия тарабында жайгашкан Мармолада дөңсөөсүндөгү муз массасынын кулашынын натыйжасында каза болгондордун, жаракат алгандардын жана дайынсыз жоголгондордун бар экендиги терең кайгыга салганы белгиленди.  

Билдирүүдө: «Итальян өкмөтүнө жана элине көңүл айтабыз. Жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз жана дайынсыз жоголгондордун мүмкүн болушунча тезирээк табылышына тилектешпиз» деген сөздөр камтылды.

Итальян басылмасы кечээ болгон окуяда 6 кишинин каза болгонун, 8 кишинин жаракат алганын жана 10го жакын кишинин дайынсыз жоголгондугун жарыялап, издөө-куткаруу иштеринин уланып жатканын кабарлаган.



Тектеш кабарлар