Ирактын түндүгүндө бир аскер шейит болду
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен маалымат берилди.
1851670
Ирактын түндүгүндө жүргүзүлгөн Чеңгел-Кулпу операциясында террордук кол салууда бир аскер шейит болду.
Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта Ирактын түндүгүндөгү Чеңгел-Кулпу операциясы аймагында террористтердин куугунтуктоо максатында ок атылганы белгиленди.
Кол салуудан жөө аскер адиси сержанты Серхат Балдын шейит болгону белгиленген билдирүүдө: «Бизди терең кайгы-капага салган бул окуяда каза болгон кымбаттуу шейитибизге Аллахтан ырайым тилеп, кайгыга баткан үй-бүлөсүнө, Түрк куралдуу күчтөрүнө жана асыл улутубузга көңүл айтып, сабыр тилейбиз»,деген сөздөр орун алды.