Түркия Иранга көңүл айтты

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Иранда очогу Хормузган болгон жер титирөөнүн болгондугу терең кайгыруу менен билдирилди.

1851087
Түркия Иранга көңүл айтты

Түркия Иранда болгон жер титирөөдө каза болгондор үчүн көңүл айтты.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Иранда очогу Хормузган болгон жер титирөөнүн болгондугу терең кайгыруу менен билдирилди.

Билдирүүдө, "Жер титирөөдө каза болгондорго Аллах ырайым кылсын, дос жана коңшу Иран элине жана өкмөтүнө, өзгөчө алардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтабыз жана жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз",делди.

Ирандын түштүгүндөгү Хормузган провинциясында жума күнү кечинде биринин артынан бири болгон күчү 6 баллдан ашкан үч жер титирөөдө 5 кишинин каза болгону, 84 кишинин жараланганы кабарланды.



Тектеш кабарлар