Хаккариде бир аскер шейит болду
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен маалымат берилди.
1851083
Хаккариде бир аскер шейит болду.
Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта Дережик районундагы аткезчилик окуясына кийлигишкен команданын жооптуусу лейтенант Халис Кескиндин Баразгир дарыясынын агымына түшүп кетип оор жаракат алганы жана жеткирилген ооруканада бардык аракет жумшалганына карабастан куткарыла албай шейит болгону белгиленди.
Билдирүүдө, "Бизди терең кайгы-капага салган бул окуяда каза болгон шейитибизге Аллахтан ырайым тилеп, кайгыга баткан үй-бүлөсүнө, Түрк куралдуу күчтөрүнө жана асыл улутубузга көңүл айтып, сабыр тилейбиз»,делди.
Тектеш кабарлар
Антальядагы Караван парк 36 өлкөдөн 2 миңден ашуун конокту кабыл алды
Коньяалты районунда ачылган парк, караван менен эс алууну каалагандардын сүймөнчүлүгүнө айланды.