Вице  - президент Фуат Октай ТАНАП аркылуу Анадолуга түркмөн газынын өткөрүлөрүн айтты

Вице  - президент Фуат Октай Түркия  -  Азербайжан  -  Түркмөнстан кызматташтыгы менен түркмөн газынын ТАНАП линиясы аркылуу Анадолуга өткөрүлө аларын айтты.

1850997
Вице  - президент Фуат Октай ТАНАП аркылуу Анадолуга түркмөн газынын өткөрүлөрүн айтты

Вице  - президент Фуат Октай Түркия  -  Азербайжан  -  Түркмөнстан кызматташтыгы менен түркмөн газынын ТАНАП линиясы аркылуу Анадолуга өткөрүлө аларын айтты.

Түркмөнстандын борбор шаары Ашкабадда өткөн Экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык түрк-түркмөн комиссиясынын жыйналышынын ачылыш сөзүн сүйлөгөн Октай, эки өлкөнүн ортосунда күн өткөн сайын күчөгөн карым-катнаштардын натыйжасында мекемелер аралык кызматташтыкта ​​да, бизнес - өнөктөштүктө да олуттуу ылдамдыкка жетишилгендигин белгиледи.

Октай эпидемиянын таасирине карабастан эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн 2 миллиард доллардан ашкандыгын айтты.

Энергетика тармагындагы кызматташтыктын акыркы кездери өнүккөн энергия өткөрүү  коопсуздугунун белгисиздиктери менен дагы чоң мааниге ээ болгонун белгилеген Октай : «Түркия-Азербайжан-Түркмөнстан кызматташтыгы менен түркмөн газын ТАНАП линиясы аркылуу  Анадолуга өткөрө алабыз»,-деди.

Июнь айынан тарта Иран-Түркмөн-Өзбек багытында чет элдик унаалардын транзиттик өтүүсүн кубаттагандарын белгилеген Октай, айдоочулардын түркмөн бийлиги аныктай турган эрежелерге баш ийип транзиттик өтмөк берүүсү батыш менен Орто Азия өлкөлөрүнн ортосундагы сооданы жандандырарын айтты.

Түркмөнстан-Түркия бизнес форумуна да катышкан Фуат Октай бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Түркмөнстандын эгемендигин тааныган жана Ашкабадда элчилигин ачкан биринчи өлкө болуудан сыймыктангандарын баса белгиледи.

Түркиянын Түркмөнстан менен жакын карым-катнаштарды өнүктүрүүгө маани бергенин жана саясий, экономикалык, социалдык, маданий тармактарда кызматташтыкты арттыруу үчүн бир туугандык байланыштарды эске алуу менен иш-аракет кылганын билдирген Октай, эки тараптуу соодада жергиликтүү валюталардын үлүшүн арттыра тургандарын билдирди.

Түркмөнстандык ишкерлерди Түркияда көбүрөөк кызматташтык менен көрүүнү каалагандарын белгилеген Октай бизнес форумунун алкагында тамак-аш, текстиль жана курулуш тармагында «Түшүнүү меморандумуна» кол койгон фирмаларды да куттуктады.



Тектеш кабарлар