Фахреттин Алтун НАТО саммитине баа берди

Фахреттин Алтун социалдык медиа баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, Испаниянын борбор шаары Мадридде кечээ жана бир күн мурда өткөрүлгөн НАТО саммитине баа берди.

1850147
Фахреттин Алтун НАТО саммитине баа берди

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун: «Президент Режеп Таййип Эрдогандын Финляндиянын президенти Саули Ниинистё, Швециянын премьер-министри Магдалена Андерссон жана НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен өткөргөн жыйында, терроризмге байланыштуу тынчсызданууларыбыз боюнча так жана маанилүү жыйынтыктарга жетишилди»,- деди.

Фахреттин Алтун социалдык медиа баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, Испаниянын борбор шаары Мадридде кечээ жана бир күн мурда өткөрүлгөн НАТО саммитине баа берди.

Саммитте жикчил террордук уюм ПКК жана ага караштуу уюмдарга каршы кызматташтыктын кабыл алынганын белгилеген Алтун: «Эрдогандын Ниинистё, Андерссон жана Столтенберг менен өткөргөн жыйында террорго байланыштуу тынчсызданууларыбыз боюнча так жана маанилүү жыйынтыктар камсыздалды. Бардык тараптар террордук уюм ПКК жана анын туундуларына каршы толук кызматташууну кабыл алышты»,-деди.

Швеция менен Финляндиянын террордун бардык түрлөрүнө каршы Түркиянын жанында болууга чечкиндүү экендиктерин, ПЙД/ЙПГ жана ФЕТОго колдоо көрсөтпөөгө убада бергендерин белгилеген Алтун сөзүн мындайча улантты: «Ошол эле учурда алар биздин коргонуу өнөр жайыбызга чектөөлөрдү же санкцияларды киргизбөө жана бул жаатта кызматташтыкты арттыруу боюнча макулдашышты. Террорчулукка жана уюшкан кылмыштуулукка каршы чалгындоо маалыматын бөлүшүү жана кызматташуу механизмин түзүүнү кабыл алдык. Ошондой эле биз конкреттүү кадамдарды жасап, терроризмге күнөөлүү деп табылган адамдарды өткөрүп берүү боюнча эки тараптуу макулдашууларды түзүүнү чечтик.

Швеция менен Финляндия ПКК жана уландыларынын каржылоо жана жалдоо иштерине тыюу салуу боюнча макулдашты.

Биз Финляндия менен Швециянын Евробиримдиктин түзүмдүк туруктуу кызматташуу келишимине (PESCO) кошулушун толук көлөмдө колдоого макул болдук. Өлкөлөрүбүздөгү адилеттик, чалгындоо жана коопсуздук бюрократияларынын катышуусу менен бул кадамдардын аткарылышын текшере турган Туруктуу биргелешкен механизмди өз ара түзөбүз»,-деди.

Аталган келишимдин ишке ашырылышы үчүн Финляндия жана Швеция бийлиги менен тыгыз кызматташа тургандарын билдирген Фахреттин Алтун: «Тынчсызданууларыбызды эске алуудагы алардын конструктивдүү мамилесине канааттандык. НАТОдо терроризмге каршы биримдиктин көбүрөөк болушу үчүн аракет кылабыз. Түркия жалпы коопсуздук маселелери, анын ичинде терроризм боюнча шериктештикте көбүрөөк биримдик болушун жактап чыкты. Биз ар дайым күчтүү НАТОну жактап келгенбиз жана жактай беребиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар