Өмер Челик Мадриддеги Түркия, НАТО, Швеция жана Финляндия саммити тууралуу билдирди

Өмер Челик соцтармактан Испаниянын борбор шаары Мадриддеги НАТО сүйлөшүүсүнө байланыштуу маалымат берип : «Түркия жеңишке жетишти»,- деди.

1849613
Өмер Челик Мадриддеги Түркия, НАТО, Швеция жана Финляндия саммити тууралуу билдирди

 Адилеттик жана өнүгүү партиясынын катчысы Өмер Челик : «Түркия, НАТО, Швеция жана Финляндия саммитинин натыйжасында террордук уюмдардын митингдерине уруксат берген өлкөлөрдүн бул тууралуу так кадам ташттоосу абдан маанилүү жетишкендик»,- деди.

Өмер Челик соцтармактан Испаниянын борбор шаары Мадриддеги НАТО сүйлөшүүсүнө байланыштуу маалымат берип : «Түркия жеңишке жетишти»,- деди.

Челик билдирүүсүндө : «Түркия НАТОнун кеңейүүсүнө маани берүүдө, бирок мунун өлкөлөрдүн тилектештиги   жана принципиалдуу  операциясы менен гана мааниге ээ боло аларына ишенет. Айрым НАТО өлкөлөрү түрдүү террордук уюмдарга колдоо берип жана башта НАТОнун куруучу принциптерине карама  - каршы келүүдө.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын НАТОнун куруучу принциптерин эске салуу менен бул абалга нааразычылык билдирүсү, негизинен бир коопуздук уюму болгон НАТОнун туура негизде иштешин камсыздай турган мамилени ачыкка чыгарды.

Түркия, НАТО, Швеция жана Финляндия саммитинин натыйжасында террордук уюмдардын митингдерине уруксат берген өлкөлөрдүн бул темада так катамдарды ташташы маанилүү жетишкендик»,- деди.

Түркиянын террор менен күрөшүүдө чечкиндүүлүгүн уланта тургандыгын айткан Челик :

«Президентибиз Режеп Таййип Эрдогандын позициясы менен Түркиянын тезистеринин негизинде күчтүү жетишкендик болду. Бул жетишкендик терроризмге каршы күрөштө принципиалдуу позицияны карманган ар бир мамлекет жана ар бир адам үчүн да маанилүү.

Түркия глобалдык тынчтык жана туруктуулук үчүн террор менен күрөшүү принцибине баш ийет, чыгарылган чечимдердин так чагылуусун изилдейт жана террор менен күрөшүү чечкиндүүлүгүн улантат»,- деди.



Тектеш кабарлар