Израилдин премьер  - министри Нафтали Беннетт Эрдоганга ыраазычылык билдирди

Израилдин премьер  - министри Нафтали Беннетт түрк жана израилдик коопсуздук күчтөрүнүн ийгиликтүү операцияларынын Түркиядагы изриалдиктердин зыян тартышына бөгөт койгондугун  айтты.

1849682
Израилдин премьер  - министри Нафтали Беннетт Эрдоганга ыраазычылык билдирди

 Израилдин премьер  - министри Нафтали Беннетт түрк жана израилдик коопсуздук күчтөрүнүн ийгиликтүү операцияларынын Түркиядагы изриалдиктердин зыян тартышына бөгөт койгондугун  айтты.

Израиль премьер  - министрлигинин Твиттер эсебиндеги видео  билдирүүсүндө  : «Өткөн айларда жана өзгөчө акыркы жумаларда Стамбул жана Түркиянын башка аймактарындагы Израиль жарандарын бутага алуу аракеттерине бөгөт коюу үчүн операцияларды жүргүзгөн коопсуздук уюмубузга жана түрк коопсуздук уюмуна ыраазычылык  билдирем»,- деди.

Операциялардын израилдиктердин  өмүрүн куткарууда ийгиликтүү болгондугун айткан Беннетт жарандарын сак болууга чакырды.

Беннет : «Президент Режеп Таййип Эрдоган жана орун басарларынын Түркияда израилдиктердин бутага алынышына тоскоол болуудагы кызматташуусу үчүн өзүнчө ыраазычылык билдиргим келет»,- деди.

Премьер  - министрликтен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Коопсуздук уюмдары тарабынан жүргүзүлгөн Израиль  -  Түркия биргелешкен аракеттеринин алкагында Стамбулда Израиль жарандарын бутага алган көп сандаган ирандык ячейкага бөгөт коюлганы» белгиленди.

Түрк коопсуздук  кызматтарынын Иран Төңкөрүш Гвардиясынын буйругу менен иштеп жаткандыгы белгиленген бир нече Иран ячейкасын ортого чыгаргандыгы белгиленген билдирүүдө жүргүзүлгөн алдын алуучу операциялар менен Түркиядагы Израиль жарандары бетме  - бет келген коркунуч деңгээлинин төмөндөтүлгөндгүнө көңүл бурулду.



Тектеш кабарлар