«Чеңгел-Кулпу» операциясында шейит
Улуттук Коргоо министрлиги билдирүү жасады.
1849462

Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында бир аскер шейит болду.
Улуттук Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, операция аймагында жикчил террордук уюм ПКК террористтери тарабынан атылган октон адис сержант Абдуллах Байрамдын шейит болгону белгиленди.
Билдирүүдө: «Бизди терең капага салган бул окуяда каза болгон шейитибизге Аллахтан ырайым тилеп, кайгыга баткан үй-бүлөсүнө, Түрк куралдуу күчтөрүнө жана улутубузга көңүл айтабыз»,-деген сөздөр камтылды.