Эрдоган Мадридге барат

Президент Эрдоган НАТОнун мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммитине катышат.

1848889
Эрдоган Мадридге барат

Президент Режеп Таййип Эрдоган 28-30-июнда Мадридде өтө турган «НАТОнун мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммитине» катышуу үчүн бүгүн Испанияга барат.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда саммитте Евроатлантикалык коопсуздукка коркунуч жана кыр көрсөтүүлөргө каршы стратегиялык деңгээлде пикир алмашуу болуп, Орусия-Украина согушунун альянска чагылууларына баа берилет, ушул алкакта НАТОнун тоскоолдук жана коргонуу түзүмү каралат.

Мадридде альянстын келечектеги иштерине багыт бере турган жаңы Стратегиялык концепциянын бекитилиши да күн тартибинде болот.

Президент Эрдоган саммиттин алкагында айрым союздаш жана өнөктөш өлкө лидерлери менен да жолугушууларды өткөрөт.



Тектеш кабарлар