Эрдоган-Байден сүйлөшүүсү

Сүйлөшүүдө Түркия-АКШ карым-катнаштары жана аймактык маселелер каралды.

1849183
Эрдоган-Байден сүйлөшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШнын президенти Жо Байден менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын маалыматына караганда, сүйлөшүүдө Түркия-АКШ карым-катнаштары жана аймактык маселелер каралды.

Президент Эрдоган жана АКШнын президенти Байден ошондой эле Испаниянын борбору Мадридде өтө турган НАТОнун мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммитинин алдында күн тартибине баа беришти.

Президент Эрдоган Мадридге аттанаар алдында аэропортто жасаган билдирүүсүндө, бүгүн эртең менен АКШнын президенти менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн, Байдендин бүгүн кечинде же эртең кайрадан жолугушуу каалоосун билдиргенин жана ага "мүмкүн" деп жооп бергенин айткан.

Ак үйдүн билдирүүсүндө Байдендин НАТОнун саммитинде президент Эрдоган менен да жолугаары белгиленди.

АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан да Жо Байден менен президент Эрдогандын эртеңки НАТО саммитинде жолугушуусу мүмкүн экенин билдирди.



Тектеш кабарлар