Чавушоглу ADF120Secке катышты

Мадрид саммитинин маанилүү мезгилде өтүп жатканын белгилеген Чавушоглу, Украинадагы согуштун глобалдык таасирлери бар экенин, мунун да Транс-Атлантика коопсуздугу үчүн сыноо болгонун айтты.

1849316
Чавушоглу ADF120Secке катышты

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, НАТОнун терроризмдин бардык түрлөрүнө каршы күчтүү чечкиндүүлүгүнүн маанилүү экенин айтып: «Бул милдеттенме албетте мүчөлүккө кайрылган өлкөлөргө да тиешелүү»,-деди.

«Дипломатияны кайра куруу» темасы менен экинчиси 2022-жылдын 11-13-мартында өткөрүлгөн Анталья Дипломатия Форумунун (ADF) онлайн иш-чараларынын алкагында уюштурулган «ADF120Sec» колдонмосуна катышкан Чавушоглу, Испаниянын борбор шаары Мадридде өтө турган НАТОнун саммитинен Түркиянын күтүүлөрүн түшүндүрдү.

Мадрид саммитинин маанилүү мезгилде өтүп жатканын белгилеген Чавушоглу, Украинадагы согуштун глобалдык таасирлери бар экенин, мунун Транс-Атлантика коопсуздугу үчүн да сыноо болгонун айтты.

Чавушоглу НАТОнун лидерлеринин Мадридде жаңы стратегиялык концепцияны беките турганын жана бул документтин альянстын алдыдагы он жылдык көз карашын калыптандырарын маалымдады.

Бул саммиттин шериктештер арасындагы ынтымакты, биримдикти жана тилектештикти бекемдөөсү жана күчтөндүрүүсү күтүлгөнүн эске салган Чавушоглу: «НАТОнун терроризмдин бардык түрлөрүнө каршы күчтүү чечкиндүүлүгү абдан маанилүү. Бул милдеттенме албетте мүчөлүккө кайрылган өлкөлөргө да тиешелүү»,-деп сереп салды.

Чавушоглу: «Ар ким тилектештик принциптерин жана бири-биринин коопсуздук маселелерин урматташы керек»,-деди жана бул принципте олку-солку болууга эч кандай орун жок экендигин билдирди.



Тектеш кабарлар