«Байкар» Украинага 3 даана куралдуу учкучсуз учуучу аппарат берди

«Байкар» компаниясы Твиттердеги баракчасынан билдирүү жасады.

1848933
«Байкар» Украинага 3 даана куралдуу учкучсуз учуучу аппарат берди

«Байкар» компаниясы, Украинага 3 даана Bayraktar TB2 SİHA (Куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарын) эч кандай акы талап кылбастан берди.

Байкардын Твиттердеги билдирүүсүндө: «Украин элинин мекенин коргоо максатында Байрактар ​​TB2 куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарын сатып алуу үчүн «Элдин Байрактары» аты менен уюштурулган кайрымдуулук акциясынын абдан кыска убакытта ийгиликтүү аяктаганын билдик»,-деген сөздөр камтылды.

Коомдук ишмерлер, журналисттер, өнөрпоздор, футболчулар, ишкерлер, карапайым адамдар, жада калса балдар да бул акциянын ийгиликтүү өтүшү үчүн аздыр-көптүр кайрымдуулук иштерин жасап өз өлкөсүнө колдоо көрсөтүүгө салым кошкону белгиленген билдирүүдө: «Мекенчил украин элинин алдыга койгон максатына жетүү каалоосу жана тилектештик руху бизди таң калтырды. Байкар катары биз чогулган кайрымдуулук менен сатып алынуусу максат кылынган 3 даана Bayraktar TB2 куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарын Украинага эч кандай акы талап кылбастан берүүдөбүз. Бул максат үчүн чогулган бардык каражаттардын болсо украин эли үчүн колдонулушун суранабыз. «Байкар» катары биз адилеттүү чечимди каалап жатканыбызды жана туруктуу тынчтык үчүн дуба кылганыбызды билдиребиз»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар