Антальяга келген туристтердин саны 4 миллиондон ашты
2022-жылдын туризм көрсөткүчтөрү өткөн жылдын маалыматына караганда олуттуу өстү.
Антальяга аба жолу менен келген чет элдик туристтердин саны быйыл өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 193 пайызга өсүп 4 миллион 11 миң 508 кишиге жетти.
Губернаторлуктун билдирүүсүндө: «Жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандедемиясынын таасиринен улам 2021-жылды 9 миллион турист менен жапкан Антальяда 2022-жылдын туризм көрсөткүчтөрү өткөн жылдын маалыматтарына караганда олуттуу өстү.
Маданият жана туризм министрлиги тарабынан берилген коопсуз эс алуу сертификаты, туризм секторунун коопсуз жана сапаттуу тейлөөсү жана туристтердин оң пикири бул өсүштүн эң чоң факторлору болду.
2022-жылдын 1-январынан 26-июнга чейин шаарга аба жолу менен келген туристтердин саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 193 пайызга өсүп 4 миллион 11 миң 508ге жетти.
Өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде 1 миллион 368 миң 630 чет элдик конок келгени эске салынып, быйыл 1-26-июнь күндөрү жүргүнчүлөрдүн саны 1 миллион 596 миң 201ге жеткени белгиленди.
Билдирүүдө шаарга күн сайын орус жана европалык туристтер менен бирге жалпы 70 миң чет элдик туристтин аба жолу менен келгени маалымдалды.
Тектеш кабарлар
Түркия Түштүк Кипр Рум башкаруучулугунун куралдануусуна каршылык көрсөттү
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндө маалымат берди.