Алтун: "Тынчтык үчүн аракет кылышыбыз керек"

Алтун 5-июлда боло турган 3-Түркия-Италия өкмөттөр аралык саммитинин алдында Италиянын «Il Messaggero» гезитинин суроолоруна жооп берди.

1848668
Алтун: "Тынчтык үчүн аракет кылышыбыз керек"

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, Орусия-Украина согушунда Түркиянын максатынын ар кандай шартта адилеттүү тынчтыкка салым кошуу экенин белгиледи.

Алтун 5-июлда боло турган 3-Түркия-Италия өкмөттөр аралык саммитинин алдында Италиянын «Il Messaggero» гезитинин суроолоруна жооп берди.

Түркиянын Украинада тынчтыкты камсыз кылуу үчүн аракет кылып жатканын эске салып жана "Согушту токтотуп, тынчтык келишимин түзүү мүмкүнбү" деген суроого жооп берген Алтун, Түркиянын өзгөчө позициясы бар экенин, президент Режеп Таййип Эрдогандын күчтүү лидерлигинде Украина кризиси башталгандан бери ушул күчтү тынчтык үчүн колдонууга аракет кылып жатышканын айтты.

Украинада согуштун башталышы менен Монтре келишимин ишке ашырып, согуштук кемелердин Кара деңизге өтүшүн токтоткондорун белгилеген Алтун, Украина калкына маанилүү көлөмдөгү гуманитардык жардам жеткиргендерин да белгиледи.

Фахреттин Алтун сөзүн мындайча улантты:

«Түркиянын максаты ар кандай шартта адилеттүү тынчтыкка салым кошуу. Бир тараптан бул согушту мүмкүн болушунча узартуудан пайда көрөбүз деп ойлогон актерлор бар. "Согуш созулуп кетсе, Орусия алсырайт деп ойлошот. Алар украиналыктарды согушту узарта тургандай гана колдоп жатышат. Түркия эч качан алардын бири болгон эмес, мындан кийин да болбойт. Биз тынчтыкка ишенип, тынчтыкка умтулушубуз керек».

Коммуникация башкармалыгынын башчысы Алтун, Түркиянын Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүнө каршы экендиги эске асалынганы боюнча да: «Европа Биримдигинин террордук уюмдардын тизмесинде болгонуна карабастан ПККнын тиешелүү өлкөлөрдө (Швеция жана Финляндияда) акча чогултуусуна, согушкерлерди тартуусуна жана үгүт иштерин жүргүзүүсүнө тоскоол болушка жок. Ошол сыяктуу ПККнын Сириядагы бөлүмү ЙПГга жана Түркияда төңкөрүш жасоого аракет кылган ФЕТӨгө коопсуз порт түзүшүүдө. Бул темаларда туруктуу жана конкреттүү кадамдар ташталганына ынанмайынча Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүнө макулдук бере албайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар