Түркия Европа Биримдигине каршылык көрсөттү

Түркия Европа Биримдигинин лидерлер саммитинде "бир тараптуу, көрөгөчтүгү жок  жана реалдуулуктан алыс" мамилесинин өкүнтүүчү экендигин билдирди.

1848038
Түркия Европа Биримдигине каршылык көрсөттү

Түркия Европа Биримдигинин лидерлер саммитинде "бир тараптуу, көрөгөчтүгү жок  жана реалдуулуктан алыс" мамилесинин өкүнтүүчү экендигин билдирди. 

Тышкы иштер министрлиги  билдирген жазуу түрүндөгү маалыматта 23 - 24 -  июнда Бельгиянын борбор шаары Брюсселде болгон Европа Биримдигинин мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммитинде кабыл алынган Түркия тууралуу чечимдер боюнча : "Европа Биримдигинин мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммитинде кабыл алынган чечимдерде өлкөбүз тууралуу бир тараптуу, көрөгөчтүгү жок, реалдуулуктан алыс мамилеси өкүнтүүчү. Бул Европа Биримдигинин дагы бир жолу Түркия тууралуу кырдаалдан чыга албагандыгынын далили",- деп айтылды. 

Европа Биримдигинин  Грециянын 10 чакырымдык аба мейкиндигине доо коюусу, аралдарды куралдандыруу жана эл аралык укукка каршы келген аракеттерине үнсүз калышы уят экендиги баса белгиленген билдирүүдө : "Европа Биримдигинин Чыгыш Жер Ортолук деңизи жана Эгей деңизине байланыштуу эл аралык мыйзамга каршы жана максималисттик тезистерди мыйзамдаштырууга аракет кылышы кабыл алынгыс. Бул чечимдер маселелердин чечилишине салым кошпогондой эле, аймактык туруктуулукка да зыянын тийгизүүдө",- деп белгиленди. 

Ошондой эле билдирүүдө булар айтылды : "Түркия ар дайым болгондой эл аралык укук жана жакшы коңшулук карым  - катнаштарын улантканына карабастан өлкөбүздүн бул мамилесине атайылап чыңалууну күчөтүү стратегиясы менен жооп берилиши ишенимсиздиктин үлгүсү".

Самитте Украна менен Молдовага талапкер өлкө статусунун берилишенен жана Грузияга да Европа Биримдигине мүчөлүк перспективасынын берилишине ыраазычылык билдирилип  азыркы учурда талапкер өлкө статусундагы Албания жана Түндүк Македония менен кошулуу сүйлөшүүлөрүнүн баштатыла электиги айтылды. 

Босния-Герцеговинага да талапкер статусун мүмкүн болушунча тезирээк берүүнүн Балкандар менен бирге кеңири Европа географиясына да пайда алып келе турганына көңүл бурулган билдирүүдө : "Түркия Европа Биримдигинин бардык талапкер өлкөлөр менен чын ыкластуу мамиледе болушу керек жана мүчөлүк процесстери татыктуулуктун негизинде алдыга жылдырылышы керек деп эсептейт»,-деп белгиленди. 

 

 



Тектеш кабарлар