Эрдоган Андерссон жана Столтенберг менен сүйлөштү

Сүйлөшүүлөрдө Швеция жана Финляндиянын НАТОго мүчөлүк үчүн кайрылуулары талкууланды.

1848145
Эрдоган Андерссон жана Столтенберг менен сүйлөштү

 

Президент Режеп Таййип Эрдоган Швециянын премьер-министри Магдалена Андерссон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан  берилген маалыматка караганда, жолугушууда Швециянын НАТОго мүчөлүк талабына байланыштуу маселелер каралды.

Президент Эрдоган сүйлөшүүдө  Швециянын террор менен күрөшүү сыяктуу Түркия үчүн маанилүү болгон темаларда кадам таштоосу керектигин дагы бир жолу баса белгиледи.

Швециянын ПКК/ПЙД/ЙПГ террордук уюмдарына каршы так  түрдө мамилесин өзгөртүүсү керектигин белгилеген президент Эрдоган Швециядан Түркиянын тынчсызданууларын жеңилдете турган аракет көрбөгөндөрүн айтты. 

Курал эмбаргосу менен коргоо өнөр жайы тармагына коюлган мыйзамдуу чектөөлөрдүн жоюлушу менен бирге экстрадиция жана депортация талаптарына жооп берилишин да күткөндөрүн баса белгилеген президент Эрдоган бул жагдайларда конкреттүү түрдө милдеттүү милдеттенмелерди көрүүнү каалашкандарын белгиледи.

Эрдоган НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен да телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан  берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүк үчүн кайрылуусуна  байланыштуу маселелер талкууланды. 

Президент Эрдоган сүйлөшүүдө Швеция менен Финляндиянын ПКК/ПЙД/ЙПГ жикчил террор уюмга  каршы конкреттүү жана чынчыл кадамдарды таштоосу, коргонуу өнөр жайы экспортунда Түркияга киргизилген эмбаргону жана ушул сыяктуу чектөөлөрдү жоюушу керектигин, келечекте мындай нерселердин болбой тургандыгына убада бериши керектигин баса белгиледи. 

 



Тектеш кабарлар