Октай: "Эгей аралдары тез арада куралсыздандырылышы керек"

Кечээ расмий сапар менен Түндүк Кипр Түрк Республикасына (ТКТР) барган Октай, президент Эрсан Татар менен жолугушкандан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

1847728
Октай: "Эгей аралдары тез арада куралсыздандырылышы керек"

Вице-президент Фуат Октай, Эгей деңизиндеги аралдар тез арада куралсыздандырылбаса, эл аралык укук жана келишимдердин алкагында аралдардын эгемендигин талап кыла тургандарын айтты.

Кечээ расмий сапар менен Түндүк Кипр Түрк Республикасына (ТКТР) барган Октай, президент Эрсан Татар менен жолугушкандан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын туруктуу өнүгүп бардык мекеме жана уюмдары менен күчтөнүшүнө чоң маани бергендерин айткан Октай, Кипр түрктөрүнүн 1571-жылдан бери негизги элементи болгон өз жерлеринде эгемендүүлүгүн бекемдөөгө толук колдоо көрсөткөндөрүн билдирди.

Кипр маселесин чече турган жалгыз жолдун Кипр Түрк элинин эгемен теңдигин жана бирдей эл аралык статусун таануу экенин баса белгилеген Октай: «Мындай чечим Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги кызматташтык чөйрөсүн өнүктүрүүгө да салым кошот»,- деди.

Өткөн аптада Грециянын премьер-министринин Кипрдин Рум тарабына жасаган сапарында, «тынчтык өкүм сүргөн аралды уялбастан Украина менен салыштырып, Тынчтык операциясына акаарат келтиргенин» айткан Октай: «Анын үстүнө муну айткан адам эл аралык келишимдерди ачык бузуп, Эгей аралдарын куралдандырган өлкөнүн премьер-министри. Эгейдеги аралдарды куралсыздандыруу мүмкүн болушунча тез арада ишке ашпаса, биз эл аралык укук жана келишимдердин алкагында аралдардын эгемендигин талап кылабыз»,-деп билдирди.

Вице-президент Октай жолугушууларынын алкагында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Премьер-министри Үнал Үстел жана Республика Парламентинин Төрагасы Зорлу Төре менен да өз-өзүнчө жолугушту.



Тектеш кабарлар