Түркия-Сауд Арабия биргелешкен билдирүүсү

Түркия-Сауд Арабия биргелешкен билдирүүсү: Сүйлөшүүдө жаңы кызматташтык мезгилин баштоо чечкиндүүлүгү баса белгиленди.

1847024
Түркия-Сауд Арабия биргелешкен билдирүүсү
erdogan ve bin salman
erdogan ve bin salman

Анкара

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Сауд Арабиянын мураскор канзаадасы Мухаммед бин Салмандын жолугушуусуна байланыштуу биргелешкен билдирүүдө саясий, экономикалык, аскердик жана коопсуздук сыяктуу эки тараптуу карым-катнаштарда кызматташтыктын жаңы доорун баштоо чечкиндүүлүгү баса белгиленди.

Президент Эрдоган Сауд Арабиянын мураскор канзаадасы Салманды расмий азем менен тосуп алды.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда жолугушуудан кийин жарыяланган Түркия-Сауд Арабиясынын биргелешкен билдирүүсүндө президент Режеп Таййип Эрдоган менен мураскор канзаада Мухаммед бин Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чын ыкластуулуктун жана бир туугандыктын кырдаалында расмий жолугушуулары болгону белгиленди.

Жолугушууларда Түркия Республикасы менен Сауд Арабия Королдугунун ортосундагы эки тараптуу мамилелердин түрдүү аспектилери талкууланып, саясий, экономикалык, аскердик, коопсуздук жана маданий карым-катнаштар менен катар эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерде жаңы кызматташуу мезгилин баштоого биргелешкен чечкиндүүлүк эң күчтүү түрдө баса белгиленди.

Билдирүүдө аймактык жана эл аралык аренада өзгөчөлөнүп жаткан окуяларга байланыштуу пикир алмашылганы жана эки тараптын тең маани бергени белгиленди.

 

Анда,«Тараптар өз ара сооданы өнүктүрүү жана диверсификациялоо, эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу сооданы жеңилдетүү жана кыйынчылыктарды жеңүү, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө жана аларды ар кандай тармактарда конкреттүү өнөктөштүккө айландыруу үчүн эки өлкөнүн мамлекеттик жана жеке секторлорунун байланышын арттыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Тараптар G-20 мүчөлөрү катары эки өлкөнүн чоң экономикалык потенциалын жана Сауд Арабиянын 2030-жылга чейин инвестиция, соода, туризм, өнүктүрүү, өнөр жай, тоо-кен казып алуу, курулуш долбоорлору, транспорт-инфраструктурасы (анын ичинде контракт), айыл чарбасы, азык-түлүк коопсуздугу, саламаттыкты сактоо, коммуникациялык-маалыматтык технологиялар, медиа жана спорт тармактарында сунуш кылынган мүмкүнчүлүктөрдү баса белгилеп, Сауд-Түрк Координациялык кеңешинин ишин активдештирүү, биргелешкен тийиштүү тармактарда кызматташтык жана координация деңгээлин жогорулатуу жана эки өлкөнүн эксперттеринин ортосунда тажрыйба алмашуунун үстүндө иштөө боюнча макулдашышты»,делди.

Энергетика тармагындагы долбоорлор

Билдирүүдө тараптардын энергетика тармагындагы кызматташуу күтүүлөрү, өзгөчө мунайзат жана кайра иштетүү, мунай химиясы, энергия эффективдүүлүгү, электр энергиясы, кайра жаралуучу энергия, инновациялар, углеводород ресурстарынын таза технологиялары, аз көмүртектүү отун, анын ичинде суутек, энергетика сектору жана ага байланыштуу жеткирүү чынжырларын локализациялоо, бул тармактарда тиешелүү долбоорлорду иштеп чыгуунун үстүндө иштөөнү каалашкандыктары айтылды.

Биргелешкен билдирүүдө ошондой эле жасалма интеллект, санариптик технологиялар жана акылдуу шаарлар тармактарында өндүрүш жана инвестициялык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана бул тармактарда иштеген жеке сектордун актерлорунун ортосундагы кызматташтыкты кубаттоо боюнча консенсуска жетишилгени баса белгиленди.

Түркия айлана-чөйрө жана климаттын өзгөрүшү жаатындагы Сауд Арабиянын «Жашыл Сауд Арабия» жана «Жашыл Жакынкы Чыгыш» демилгелерин баштоосун кубаттаганы, Сауд Арабия тарабынан башталган жана Чоң жыйырмалык (G-20) өлкөлөрүнүн лидерлери тарабынан бекитилген Circular Carbon Economy платформасынын ишке ашырылышына карата Сауд Арабиясынын климаттын өзгөрүшү жаатындагы аракеттерине колдоо көрсөткөнү билдирилген билдирүүдө мындай улантылды:

«Тараптар БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын жана Париж макулдашуусунун принциптерин сактоонун маанилүүлүгүн жана булагы жок эмиссияга көңүл буруу аркылуу климат боюнча макулдашууну ишке ашыруу зарылдыгын дагы бир жолу баса белгилешти. Эки тарап Сауд Арабиясынын 2020-жылдагы G-20 саммитине төрагалык кылуусу учурунда баштаган «Жердин деградациясын кыскартуу жана Жер бетиндеги жашоо чөйрөлөрүнүн корголушун өнүктүрүүгө карата глобалдык демилге» жана «Глобалдык коралл рифтерин иликтөөсүн ылдамдатуучу платформасы» аттуу эки демилгени колдогондорун баса белгилешти. Түрк тарап Сауд Арабиясынын ишкердик экосистемасында иштеген өз ара фонддорду Түркиядагы стартаптарга инвестиция салууга жана алар менен өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө чакырды».

Түрк стандарттар институту менен Сауд Арабиянын Стандарттар, метрология жана сапат уюмунун ортосундагы карым-катнаштарды тиешелүү эки мекеменин ортосунда кол коюлган кызматташтык келишимдеринин алкагында бекемдөө жана улантуу боюнча макулдашылганы да маалымдалды.

Ошондой эле 2016-жылы TÜBİTAK менен Падыша Абдулазиз илим жана технология шаары (KACST) ортосунда кол коюлган кызматташтык протоколунун алкагында, илимпоздордун өз ара сапарлары менен KOSGEB менен Сауд Арабиянын чакан жана орто бизнес башкармалыгынын ортосундагы кызматташтык түзүлүшү боюнча макулдашылганы белгиленди.

Коргоо тармагындагы кызматташтык

Биргелешкен билдирүүдө тараптардын эки өлкөнүн кызыкчылыгына кызмат кыла турган, аймакта жана дүйнөдө коопсуздук менен ырааттуулуктун орношуна салым кошо тургандай түрдө эки өлкөнүн ортосунда коргонуу тармагында кол коюлган келишимдерди активдештирүүгө макулдашкандыгы белгиленди.

Сот тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, укук жана сот тармагындагы эксперттердин тажрыйба алмашуусу боюнча макулдашууга жетишилгени айтылган билдирүүдө, биргелешкен ишти күчөтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Билдирүүдө тараптар жарандык авиациянын улуттук органдарынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун жана авиакомпаниялардын ишинин административдик жол-жоболорун жеңилдетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешип, саламаттыкты сактоо тармагындагы эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү чечкиндүүлүгү баса белгиленип, саламаттыкты сактоо инвестициясы жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө макул экендиктери айтылды.

Ошондой эле Сауд тараптын Эр-Рияддын ЭКСПО 2030 талапкерлигине Түркиянын көрсөткөн колдоосуна ыраазычылыгын билдиргени кабарланды.

Эки өлкөнүн биргелешкен билдирүүсү төмөнкүчө уланды:

"Тараптар аймактагы коопсуздукту жана туруктуулукту колдоого жана бекемдөөгө өбөлгө боло турган аймактык жана эл аралык аренадагы маанилүү маселелер боюнча кызматташууну активдештирүү, координациялоо жана пикир алмашуу аракеттерин дагы бир жолу ырасташты. Тараптар эки өлкөнүн эгемендүүлүгүн баса белгилешти. Аймак өлкөлөрүнүн бузулбашы керек жана аймактагы өлкөлөрдөгү бардык кризистерге саясий чечим табууга бел байлап, аймакты чыңалуудан алыс кармай турган, аймакта коопсуздук жана ырааттуулукту камсыздай турган иштерди колдой тургандыктарын баса белгилешти. Тараптар аймактык жана эл аралык уюмдардын, өзгөчө Ислам Кызматташтык Уюмунун жана Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында алардын ортосундагы кызматташтыкты жана эффективдүү координацияны арттыруу, аймакта тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн тыгыз кызматташууну улантуу темасындагы чечкиндүүлүктөрүн баса белгилешти».

Мураскор канзааданын президент Эрдогандын жылуу кабыл алуусу, ага жана делегациясына болгон ынак мамилесине жана мээрими үчүн ыраазычылык билдиргени белгиленген билдирүүдө, Эрдогандын 2021-жылы Ковид-19 эпидемия себептүү болгон кыйынчылыктарга карабастан 2021-жылы ажылык сапарын уюштуруп, зыяратчыларды тейлөөгө карата аракетине ыраазычылыгын билдирип, быйыл ажылык жана умра зыяратын кайра баштаганына канааттанганын билдирди.

Билдирүүдө: «Жолугушуунун соңунда тараптар өлкөлөргө жана алардын элдерине жана бардык катмарларына пайда алып келе турган, аймактын келечегине эки өлкөнүн орток кызыкчылыктарына салым кошо тургандай кызмат кылуу үчүн тарыхый бир туугандыктын негизинде кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана улантууга чечкиндүүлүктөрүн баса белгилешти»,деген сөздөр камтылган.



Тектеш кабарлар