Диярбакырда шейит

Террористтерди аныктоо жана таасирсиз кылуу үчүн аймакка кошумча бөлүктөр жиберилди.

1847140
Диярбакырда шейит

Диярбакырда жүргүзүлгөн «Эрен блокада-18» операциясында жикчил террордук уюм ПКК террористтери менен болгон куралдуу кагылышууда 2 аскер шейит болду.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Диярбакырдын Лиже районунун айыл аймагында жүргүзүлгөн «Эрен блокада-18 шейит жандармерия ефрейтору Доган Дагжы операциясында» террористтер менен болгон куралдуу кагылышууда Жандармериянын кенже офицери улук сержант Огузжан Ардуч, жандармерия адиси сержант Тургут Ичен жана жандармерия адиси ефрейтор Мустафа Жан Акдоган жараат алды.

Жаракат алгандардын арасындагы Ардуч менен Ичен бардык аракеттерге карабастан жеткирилген ооруканада шейит болушту.

Террористтерди аныктоо жана таасирсиз кылуу үчүн аймакка кошумча бөлүктөр жиберилди.



Тектеш кабарлар