Чавушоглу - Трасс жолугушуусу

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Кара деңизде дан коридорун түзүү үчүн Түркия катары конструктивдүү роль алгандарын белгиледи.

1847344
Чавушоглу  -  Трасс жолугушуусу

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Кара деңизде дан коридорун түзүү үчүн Түркия катары конструктивдүү роль алгандарын белгиледи.

Мевлүт Чавушоглу расмий сапар үчүн борбор шаар Анкарага келген Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс менен жолугушкандан кийин пресс  - жыйын өткөрдү.

Чавушоглу Украинадан ачыла турган дан коридоруна карата : «Кара деңиздеги дан коридору үчүн Түркия катары конструктивдүү роль алдык. Россиядан Стамбулда пландалган жыйын үчүн оң жооп беребиз»,- деди.

Украина данын же канайдыр бир продукциянын Россия жана башка өлкө тарабынан алынып мыйзамсыз түрдө сатылышына да каршы экендерин баса белгилеген Чавушоглу : «Түркия катары бизге келишине да уруксат бербейбиз»,- деди.

Чавушоглу : « Эгерде келишим боло турган болсо Стамбулда бир көзөмөлдөө борбору жана Украина сууларынын тышында бир коопсуз аймак курулат»,- деди.

Швеция жана Финляндиянын НАТОго мүчөлүк тууралуу кайрылуусуна да токтолгон Чавушоглу : «Баарынын коопсуздук тынчсыздануулары каралышы керек, бир гана мүчөлүк кайрылуусу жасагандардын эле эмес»,- деп Түркиянын коопсуздук тынчсызданууларына көңүл бурулушу керектигин айтты.

Мевлүт Чавушоглу : «Бул эки өлкө союздаш болууну каалап жаткан болсо НАТО ичинде коопсуздук тынчсызданууларына жооп бериши керек. Өзгөчө 29 – 30 -  июнда өткөрүлө турган НАТО саммитинде терроризмге  карата сессиянын өткөрүлүшүнө маани беребиз»,- деди.

Британиянын министри Трасс да дан маселеси эң кеч алдыбыздагы ай чечилбесе, Украинадагы порттордон дандар чыгарылбаса мунун олуттуу бир ачарчылыкка себеп болорун айтты.

Трасс Швеция жана Финляндиянын НАТОго мүчөлүгү тууралуу : «НАТО менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөбүз. Финляндия жана Швециянын НАТОго кошулушу биз үчүн  күчтөндүрүүчү болорун ойлоп жатабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар