Сауд Арабиянын мураскор канзаадасы Түркияга келди

Мураскор канзаада Мухаммед бин Салман президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан борбор шаар Анкара Бештепеде расмий азем менен тосуп алынды.

1846990
Сауд Арабиянын мураскор канзаадасы Түркияга келди
turkiye arbistan.jpg
erdogan ve bin salman

Сауд Арабиянын мураскор канзаадасы Мухаммед бин Салман чоң делегация менен Түркияга келди.

28-апрелде Жиддадагы сүйлөшүүлөр менен эки өлкөнүн карым-катнаштарында жаңы доор башталды.

2 айга жакын тыныгуудан кийин Эр-Рияд бийлигинен жооп сапар жасалууда.

Мураскор канзаада президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан борбор шаар Анкара Бештепеде расмий азем менен тосуп алынды.

Эрдоган менен канзаада Селман андан соң бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрүү үчүн өтүштү.

Аймактык жана эл аралык жагдайлар да карала турган жолугушууларда эки өлкөнүн карым-катнаштары бардык жагынан бааланат. Сүйлөшүүлөрдүн негизги күн тартиби экономика болмокчу.

Соодадан туризмге, ден-соолуктан коргонуу өнөр жайына чейин түрдүү тармактарда кызматташтыкты арттыруу үчүн таштала турган кадамдар каралат.

Бул алкакта Түркия менен Сауд Арабиянын ортосунда түрдүү келишимдерге кол коюлушу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар