Террор менен күрөш уланууда

Дагы эки террорист жок кылынды.

1845576
Террор менен күрөш уланууда

Хаккариде жикчил террордук уюм ПККга мүчө 2 террорист жок кылынды.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Акбал айылынын элет жеринде Хаккари облустук жандармерия командирлигине караштуу Жандармериянын атайын операциялары, жандармерия командирлери жана коопсуздукту сактоочу топтордун демилгеси менен башталган «Эрен блокада-2» операциясынын алкагында кечээ жикчил террордук уюмга мүчө 2 террорист жок кылынды.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу да социалдык медиа баракчасынан «Террор блокада астында» деген билдирүүсүндө «Эрен блокада-2де, Хаккари Шемдинлиде жандарм жана күзөтчүлөрүбүз кол салууга даярданган 2 террористти таасирсиз кылды»,-деди.



Тектеш кабарлар