Грециянын миграция министрине Түркиянын улук штаб сержанты жооп кайтарды

Мыйзамсыз иммигранттар аркылуу Түркияны каралоого аракет кылган грек министринин дооматтарына Жээк коопсуздук командирлигиндеги улук штаб сержанты Хасан Баш жооп берди.

1845889
Грециянын миграция министрине Түркиянын улук штаб сержанты жооп кайтарды

Грециянын миграция министри Нотис Митарачинин социалдык медиада ички иштер министри Сүлейман Сойлуну белгилеп, Чыгыш Жер Ортолук жана Эгей деңиздеринде Түркияны бутага алган билдирүүсүнө жооп берүү көпкө созулган жок.

Мыйзамсыз иммигранттар аркылуу Түркияны каралоого аракет кылган грек министринин дооматтарына Жээк коопсуздук командирлигиндеги улук штаб сержанты Хасан Баш жооп берди.

Грециянын өлүмгө калтырган мыйзамсыз мигранттардын бүткүл дүйнө тарабынан билингенин баса белгилеген Баш, мыйзамсыз мигранттардын окуялары бүткүл дүйнөнүн адамзаттын атынан кайра ойлонуусуна жана ал тургай адамзат үчүн уялуусуна себеп болгонун айтты.

«Учурда аялдар же балдар дебей сабалган, колдору кишенделген, баалуу буюмдары алынган, кайыктын моторлору алынган, бензин түтүктөрү кесилген, алтургай колдору кишенделип деңизге ыргытылган көптөгөн иммигранттар биздин командирликтин ийгиликтүү уюштурган издөө-куткаруу операциялары менен өлүмдүн четинен куткарылып жатышат»,-деп айткан Баш, Түрк Жээк коопсуздук командирлигинин артка кайтаруу башталган 2020-жылдан бери Грециянын Жээк коопсуздук элементтери тарабынан артка түртүлгөн 1295 окуяда 33964 мыйзамсыз мигрантты куткарганын айтты.

Башкы штабдын улук сержанты Баш, Европа Биримдиги менен 2016-жылдын 18-мартында жетишилген макулдашуунун алкагында өзүнө жүктөлгөн бардык жоопкерчиликтерди аткарган Түркиянын туруктуу түрдө мыйзамсыз өтмөктөрдү азайтуу үчүн Грециянын өз милдеттерин аткарышы керектигин баса белгиледи.

Баш: «Өлүм жана кыйноо менен коштолгон артка кайтарууну токтотуу, мыйзамсыз иммигранттардын өмүрүн сактоо жана эч нерсе жасабастан карап турган бул зулумдукту токтотуу үчүн  адам укуктарын тоготпогон Евробиримдикти жана Греция бийлигин эл аралык укуктун жана адам укуктарынын негизинде иш алып барууга чакырабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар