Эрдоган-Герцог сүйлөшүүсү

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда телефондогу сүйлөшүүдө Түркия-Израиль карым-катнаштары жана аймактык маселелер каралды.

1845474
Эрдоган-Герцог сүйлөшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Израилдин президенти Исхак Герцог менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда телефондогу сүйлөшүүдө Түркия-Израиль карым-катнаштары жана аймактык маселелер каралды.

Сүйлөшүүдө президент Эрдоган менен Израилдин президенти Герцог эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштарды, анын ичинде терроризм менен күрөшүү жана коопсуздук темасында диалогду улантууну, тынчтык жана туруктуулук үчүн кызматташтыкты улантууну макулдашты.

Израилдин президенти Герцог Түркиянын террор менен күрөшүү аракети үчүн президент Эрдоганга ыраазычылык билдирди.



Тектеш кабарлар