Улуттук чалгындоо уюму (MIT) сириялык террорист Хусейин Шиблини таасирсиз кылды

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда Ферхат Дерик каймана аттуу террорист Хүсейин Шибли террордук уюмдун Кандил деп атаган башкаруусу тарабынан Иракка дайындалган.

1845334
Улуттук чалгындоо уюму (MIT) сириялык террорист Хусейин Шиблини таасирсиз кылды
mit pkk huseyin sibli operasyon1.jpg
mit pkk huseyin sibli operasyon.jpg

Улуттук чалгындоо уюму (MIT) Ирактын Сулеймания шаарында жикчил террордук уюм ПККнын Сириянын автономиялуу башкаруусу деп атаган борбордук аткаруу кеңешинин тең төрагасы, сириялык террорист Хусейин Шиблини таасирсиз кылды.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда Ферхат Дерик каймана аттуу террорист Хүсейин Шибли террордук уюмдун Кандил деп атаган башкаруусу тарабынан Иракка дайындалган.

Кандилдеги террорист корбашчыларынын террорчу Шиблинин үчүнчү өлкөлөр менен өз кызыкчылыгын көздөп, Иракта жаңы террордук уюм курууну максат кылганы белгиленди.

МИТтин Түркия-Ирак чек арасынан 275 километр ичкеридеги операциясы менен Сүлейманияда таасирсиз абалга келтирилген Шибли, жасалма Кандил башкаруусунун Сириядагы түзүмүнүн эң маанилүү ысымдарынын арасында көрсөтүлгөн «Шахин Жило» каймана аттуу Ферхат Абди Шахинге эң жакын ысымдардын бири болгон.

Түпкүлүгү Сирия/Эль-Маликиеден келген Хүсейин Шибли террордук уюм ПККга террордун корбашчысы Абдуллах Өжалан Сирияда жүргөн мезгилде кошулган.

Террорист Шибли Сириянын Халеп жана Ирактын түндүгүндөгү Гара жана Кандил аймактарында террордук аракеттерди жасаган. 2014-жылы Сирияда ПККнын көзөмөлү астындагы отурукташкан жерлер боюнча жооптуу башкаруу кеңеши деп аталган түзүмдүн мүчөлүгүнө алып келинген.

Террорист Шибли 2019-жылдан бери террордук уюмдун Сириянын автономдук башкаруусу деп аталган борбордук кеңешинин теңтөрагасы катары кыймылын жүргүзүп келген.



Тектеш кабарлар