Калын Стокгольмдогу айрым имараттарда ПКК корбашчысынын сүрөтү чагылдырылышына каршы чыкты

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын борбор шаар Анкарада журналисттерге маалымат берди.

1845248
Калын Стокгольмдогу айрым имараттарда ПКК корбашчысынын сүрөтү чагылдырылышына каршы чыкты

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Швецияда жикчил террордук уюм ПККнын демонстрациялары улана берсе бул өлкөнүн НАТОго мүчөлүгү процессинде жылыш мүмкүн эместигин айтты.

Калын борбор шаар Анкарада журналисттерге берген маалыматында Швециянын борбор шаары Стокгольмдогу айрым имараттарда ПККнын корбашчысынын сүрөтү менен уюмга таандык чүпүрөктөрдүн чагылдырышына каршы чыкты.

Ибрахим Калын билдирүүсүндө төмөнкү сөздөрдү айтты:«Президентибиз НАТОнун баш катчысы менен сүйлөшүү өткөрдү. Бул сүйлөшүүнүн алкагында эртең тышкы иштер министрибиздин орун басары Седат Өнал мырза менен Брюсселге барабыз. Биз шведдик жана финдик кесиптештерибиз менен жолугушуу өткөрөбүз. Айрыкча Стокгольмдо акыркы убакта кайрадан жанданган сүрөттөр бар. Чындыгында бул сүрөттөр ПКК террордук уюмунун бул өлкөдө канчалык жайгаштырылганын жана канчалык эркин коюлганын көрсөткөн эң олуттуу мисалдардын бирин түзөт. Эгерде Швеция өкмөтү бул кыйынчылыктарга карабастан бул сүрөттөрдү токтотуу жана толугу менен жок кылуу үчүн кадамдарды жасабаса, анда албетте бул сүйлөшүүлөрдүн жылышына эч кандай мүмкүнчүлүк жана ыктымалдуулук жок. Бул багытта жакшы ниеттери бар экенин, кадам таштай турганын айтышууда. Биз бул кадамдардын эмне экенин конкреттүү түрдө көргүбүз келет».



Тектеш кабарлар