Филипп Леклерк: «Дүйнөдө качкын болуу абалын токтотуунун чечими-тынчтык»

Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгынын Түркия өкүлү Филипп Леклерк Анадолу агенттигине берген маалыматында качкын болуунун чоң сыноо экенин белгиледи.

1845386
Филипп Леклерк: «Дүйнөдө качкын болуу абалын токтотуунун чечими-тынчтык»

Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгынын Түркия боюнча өкүлү Филипп Леклерк качкындардын абалын токтотуунун чечими тынчтык экенин айтты.

Леклерк 20-Июнь Бүткүл дүйнөлүк качкындар күнүнөн улам Анадолу агенттигине берген маалыматында качкын болуунун чоң сыноо экенин белгилеп: «Сиз өз өлкөңүздү таштап кетип жатасыз, анткени жаңжал, куугунтук, согуштун айынан кетүүгө туура келет. Бул оңой чечим эмес. Өзүңүздүн коопсуздугуңуз, үй-бүлөңүздүн жана балдарыңыздын коопсуздугу үчүн качышыңыз керек болот»,-деп айтты.

Зордук менен жер которгондордун санынын 100 миллионго жеткенин баса белгилеген Леклерк: «Качкындар жана ички жер которгондордун саны биз каттагандан бери эч качан мынчалык жогору болгон эмес»,-деди.

Кагылышуунун токтотулушу адамдардын өз өлкөлөрүнө кайтууларына шарт түзө турганын белгилеген Филипп Леклерк Ооганстан жана Сириядагы абалга токтолуп: «Бизге бул эки өлкөдө тынчтык болушу жана адамдардын кайтып келиши үчүн шарттар керек. Украинадагыдай эле, биз мамлекеттердин иштешин каалаган негизги нерсе - бул адамдар өлкөнүн ичинде же сыртында качпашы үчүн тынчтыкты табуу. Ошондуктан тынчтык жана адамдар аман-эсен жана татыктуу кайтып келүү шарттары качкындар абалынын акырына карата чечим болуп саналат»,-деп айтты.

Качкындарды кабыл алган биринчи өлкөлөрдүн жалпысынан коңшу өлкөлөр экенин баса белгилеген Леклерк: «БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгы катары биз каалай турган нерсе - бул жалпы жоопкерчилик. Коңшу өлкөлөр мынчалык массалык агымга жалгыз туруштук бере албагандыктан, аларга каржылык жактан да, башка жагынан да колдоо керек»,-деп өз баасын берди.

Түркиянын жоопкерчилик жана тилектештик менен дүйнөнүн көптөгөн өлкөсүнө жол көрсөтүп жатканын белгилеген Леклерк: «Жол көрсөткөн өлкөлөрдү даңазалоо абдан маанилүү. Башка өлкөлөрдүн да бул баш калкалоочуларды жайгаштыруу жана Түркия үчүн маанилүү болгон кошумча каржылык жардам көрсөтүү жолу менен кожоюндук кылуу жагынан Түркияга колдоо көрсөтөрүнө ишенебиз»,-деп билдирди.



Тектеш кабарлар