Чавушоглу Босния-Герцеговинада расмий жолугушууларды өткөрдү

Министр Чавушоглу Босния-Герцеговинанын Президенттик кеңешинин Хорват мүчөсү Зелько Комсич жана Кеңештин төрагасы Сефик Дзаферович тарабынан кабыл алынып, Демократиялык кыймыл партиясынын (SDA) лидери Бакир Изетбегович менен жолугушту.

1845281
Чавушоглу Босния-Герцеговинада расмий жолугушууларды өткөрдү
cavusoglu-bakir izetbegovic.jpg
Cavusoglu-Sefik Dzaferovic.jpg

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Босния-Герцеговинанын борбор шаары Сараеводо расмий жолугушууларынын алкагында бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Министр Чавушоглу Босния-Герцеговинанын Президенттик Кеңешинин Хорват мүчөсү Зелько Комсич жана Кеңештин төрагасы Сефик Дзаферович тарабынан кабыл алынып, Демократиялык кыймыл партиясынын (SDA) лидери Бакир Изетбегович менен жолугушту.

Чавушоглу, социалдык медиа эсебинен сүйлөшүүсүнө байланыштуу: «Босния-Герцеговина Президенттик Кеңешинин мүчөсү Комсич менен эки тараптуу карым-катнаштарыбызды жана Босния-Герцеговинадагы жана аймактагы башка окуяларды талкууладык. Босния-Герцеговина Президенттик кеңешинин төрагасы Дзаферович менен жолугуштук. Босния-Герцеговинанын аймактык бүтүндүгүн, эгемендигин жана туруктуулугун колдообуз уланат. Босния-Герцеговина Элдик Ассамблеясынын Президиум Кеңешинин мүчөсү жана Демократиялык кыймыл партиясынын (SDA) лидери, босниялык агам Бакир Изетбегович менен Сараеводо жолугуштук»,-деп бөлүштү.

Расмий сапарынан кийин Чавушоглу Европа чемпионатынын В тайпасындагы беттештер үчүн Сараевого барган Баскетбол А Улуттук майып арабачандар курама командасынын оюнчулары менен жолугуп, баарлашты.

Бүткүл командага ийгилик каалаган Чавушоглу Босния-Герцеговинанын майып арабачандар баскетбол командасынын оюнчулары менен да жолугушту.

Чавушоглу менен жолугушуусунан кийин басма сөзгө маалымат берген Комсич жана Дзаферович Чавушоглунун Босния-Герцеговина сапарына ыраазы болгондорун билдиришти.

Комсич билдирүүсүндө Түркиянын Босния-Герцеговинанын жеринин бүтүндүгү жана эгемендигинин жанында экенин баса белгиледи.

Дзаферович болсо: «Түркия аймактагы стабилдештирүү ролуна ээ жана аймактык бүтүндүгүбүздү, эгемендүүлүгүбүздү жана реформаларыбызды колдойт. Босния-Герцеговинага көрсөткөн колдоосу үчүн Түркияга ыраазычылык билдиребиз»,-деди.

 



Тектеш кабарлар