Мевлүт Чавушоглу Босния - Герцеговинанын тышкы иштер министри менен жолугушту

Чавушоглу Босния  -  Герцеговинанын тышкы иштер министри Бисера Туркович менен  жекеме  - жеке жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин  өткөрүлгөн биргелешкен пресс  - жыйында сөз сүйлөдү.

1845207
Мевлүт Чавушоглу Босния  - Герцеговинанын  тышкы иштер министри менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Босния  -  Герцеговинада жаңы бир келишпестикке уруксат бербей тургандарын айтты. 

Чавушоглу Босния  -  Герцеговинанын тышкы иштер министри Бисера Туркович менен  жекеме  - жеке жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин  өткөрүлгөн биргелешкен пресс  - жыйында сөз сүйлөдү. 

Беш Балкан өлкөсүн камтыган сапарынын аймактык туруктуулукка берген маанинин бир көрсөткүчү экендигин баса белгилеген Чавушоглу : "Босния - Герцеговина да аймактык туруктуулук жактан чечүүчү позицияда. Ошондуктан бул жерде Босния -   Герцеговинада жаңы келишпестиктин чыгышына жол бере албайбыз. Бул жагынан ар бир адам жоопкерчиликтүү мамиле кылышы керек",- деди.

Чавушоглу президент Режеп Таййип Эрдогандын Түркия-Босния-Герцеговина-Сербия үч тараптуу саммитин ылайыктуу убакта өткөрүүнү каалаганын белгилеп, Сербиянын президенти Александр Вучичтин да Белграддагы жолугушууларында бул саммитке даяр экенин көргөнүн айтты.

Хорват тараптын министрлер деңгээлиндеги үч тараптуу жолугушууга жылуу карагандыгын  белгилеген Чавушоглу : "Ушул кезге чейин болгондой мындан кийин да Босния  -  Герцеговинанын эгемендигин, жеринин бүтүндүгүн жана туруктуулугун күчтүү түрдө колдоону улантабыз",- деди. 

Эл аралык карым  - катнаштарда өз ара ишеним жана чечкиндүүлүктүн маанисин  белгилеген Чавушоглу Босния  -  Герцеговинанын НАТО жана Европа Биримдиги багыттарын колдогондорун баса белгиледи. 

Чавушоглу : "Босния Герцеговинанын туруктуулугу жана өнүгүшү үчүн  аракеттерибизди улантабыз. Бул аракеттерибиздин  аймактын бардык өлкөлөрүнүн бейкуттугуна да оң салым кошорун ойлоп жатабыз",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар