Чавушоглу Босния Герцеговинада эл аралык Сараево университетинин бүтүрүү аземине катышты
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркиянын гуманитардык жана демилгечи тышкы саясаты менен тынчтыкка инвестиция салгандыгын айтты.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркиянын гуманитардык жана демилгечи тышкы саясаты менен тынчтыкка инвестиция салгандыгын айтты.
Чавушоглу Босния - Герцеговинанын борбор шаары Сараеводогу жолугушууларынын негизинде түрк демилгечилер тарабынан 2004 - жылы курулган Эл аралык Сараево университетинин 14 - бүтүрүү аземине катышты.
Эл аралык Сараево университетинин Босния - Герцеговинанын көп маданияттуу чөйрөсүн чагылдыргандыгын айткан Чавушоглу : "Түрдүүлүк ар дайым академиялык ийгилигиңиздерди байытат жана көз карашыңыздарды кеңейтет",- деди.
Экстремизм жана сабырсыздыктын аялуу топторду бутага алганына көңүл бурган Чавушоглу: "Булардын баары каалгабыздын ары жагындагы согушта болуп жатат. Сараево да тынчтыктын канчалык маанилүү экендигин билет. Ошол эле учурда согуштун баасы тынчтыктын баасынан абдан жогору экендигин билебиз. Ушул себептен гуманитардык жана демилгечи тышкы саясатыбыз менен тынчтыкка инвестиция салып жатабыз",- деди.
Чавушоглу Түркиянын Украинадагы кан төгүүнү токтотуу үчүн күрөшүп жатканын айтып : "Биз ар дайым диалогду жеңилдетүүгө жана дипломатияны орнотууга аракет кылдык. Украинанын эгемендиги боюнча бекем позицияны кармандык",- деди.
Украинадагы согуштун сүйлөшүү жана диалог менен чечилиши керектигин баса белгилеген Чавушоглу: «Тынчтык үчүн аракет кылуу биздин милдетибиз. Дагы көп бейкүнөө адамдын каза болбошу үчүн муну аткаруубуз керек. Сирия, Ливия, Түштүк Кавказия жана Балкандарда да ар дайым туруктуу жана саясий чечүүчү жолдор үчүн диалогду колдодук",- деди.
Чавушоглу : "Айрым өлкөлөр үчүн Балкандар таасирдүү аймак катары каралат, бирок биз үчүн Балкандар биздин бир бөлүгүбүз, биз да анын бир бөлүгүбүз. Биз аймакка ушундай көз караш менен карайбыз",- деп баа берди.
Тектеш кабарлар
Түркия Түштүк Кипр Рум башкаруучулугунун куралдануусуна каршылык көрсөттү
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндө маалымат берди.