Тышкы иштер министри Швецияда ПКК террордук уюмунун кыймылдары тууралуу билдирди

Министр Чавушоглу Хорватия сапарынын негизинде барган Загребде кесиптеши Гордан Грлич-Радман менен жолугушкандан кийин биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

1845037
Тышкы иштер министри  Швецияда ПКК террордук уюмунун кыймылдары тууралуу билдирди

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Швецияда ПКК террордук уюмунун кыймылдары тууралуу : " Террор менен күрөшүүдө Швеция мыйзамдарынын жана жетекчилеринин канчалык шалаакы экендигин көрсөтүүдө",- деди. 

Министр Чавушоглу Хорватия сапарынын негизинде барган Загребде кесиптеши Гордан Грлич-Радман менен жолугушкандан кийин биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү. Чавушоглу ПКК террордук уюмдун Швецияда кылган  кыймылдары мындан мурда да  соцтармакта ортого чыккандыгын эске салып буларды айтты : "Мэр менен элчибиз бир жерде бирдикте эле. Элчибиз  сураганда мэр мындай нерсе болгон жок деди. Жетекчилерден сураганыбызда бул тууралу билишпей тургандарын айтышты бирок бүгүн Швеция полициясы ушундай окуянын болгондугун айтты. 

Террор менен күрөшүүдө Швеция мыйзамдарынын жана жетекчилеринин канчалык шалаакы экендигин көрсөтүүдө. Бир тараптан бул террордук уюм ПКК террордук уюм, бир гана Түркияга, бизге эле эмес, Швециянын да улуттук кызыкчылыгына зыянын тийгизүүгө аракет кылууда. Өзгөчө да Швециянын НАТОго мүчө болбошу үчүн колунан келгенди жасап жатат. Ансыз да ПКК колдоочусу бир депутат бар ал да Швеция өкмөтүн барымтага алгандай коркутууда.

Муну Швециянын ичинде да көрүп жатабыз, Швециянын НАТОго мүчө  болушун каалабаган жетекчилер да бар, мекемелер да бар. Бирок өзгөчө бул ПКК террордук уюму ЙПГ/ПКК бардык аракетти кылып барымтага алгандай".

Швециянын НАТОго мүчө болушу үчүн террор менен күрөшүү тууралуу так кадамдарын көрүүнү каалашкандарын дайыма эскертишкендерин белгилеген Чавушоглу буларды айтты : "Эки өлкөнүн мүчөлүк процесси тууралуу документтерди бердик. Алардан кат да келди. Мындан мурда НАТОнун башкы катчысы аракетке өттү, урматтуу президентибиз менен телефон аркылуу сүйлөшүштү жана НАТОнун башкы катчысынын   аппаратынын жетекчиси, администрация башчысы Анкарага келди. Андан кийин алар бир документ жиберишти, үч тараптуу кол коюла турган документ. Биз бул документтердин жетерсиз экендигин айттык жана өзүбүздүн каршы документибизди жөнөттүк. Ушул боюнча гана сүйлөшүү улантыла алат",- дедик.

Тышкы иштер министринин орун басары, элчи Седат Өнал менен  президенттиктин катчысы Ибрахим Калын Брюсселге барат жана  жекшемби күнү кечинде бул документ боюнча НАТО менен бирдикте иш алып барылат бирок биз бул тууралуу чечкиндүүлүгүбүздү НАТОго жана бардык тараптарга эскертебиз". 

 



Тектеш кабарлар