Акар : "ПККдагы Швецияда жасалган танкка каршы куралдар тууралуу сурадык"

Акар НАТОнун Коргоо министрлеринин жыйынынан кийин жолугушкан журналисттердин суроолоруна жооп берип, күн тартиби тууралуу маалыматтарды берди.

1845008
Акар : "ПККдагы Швецияда жасалган танкка каршы куралдар тууралуу сурадык"

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Ирак жана Сириянын түндгүндөгү операцияларда  Швецияда  чыгарылган куралдардын колго түшүрүлгөндүгүн белгилеп, бул тууралуу далилдерди кесиптештерине көрсөткөндөрүн айтты.

Акар НАТОнун Коргоо министрлеринин жыйынынан кийин жолугушкан журналисттердин суроолоруна жооп берип, күн тартиби тууралуу маалыматтарды берди.

НАТОнун түзүлүш принциптеринин алкагында чыныгы союздаштык руху менен аракет кылуунун маанисин белгилеген Акар буларды айтты : «НАТО коопсуздук уюму. Эң чоң күрөшүү тармактарынын бири да терроризм. НАТОнун түзүлүш принциптери аймактык жана глобалдык туруктуулук менен коопсуздук үчүн бардык террордук уюмдар менен күрөшүүнү керек кылууда. Бул тууралуу кызматташуу жана тилектештикти талап кылууда. НАТОнун салттарында, негизги документтеринде, иштөө принциптеринде бар болгон жагдай. Бирден ашык террордук уюм менен бир убакта күрөшкөн бир гана НАТОго мүчө өлкө Түркия. Бир тараптан Европа менен терроризмдин ортосундагы акыркы тоскоолдук. Биз Сирияда, Ирактын түндүгүндө террор менен күрөшүп жатып жарандарыбызды, өлкөбүздү коргоо менен бирге террористтредин Европага жайылышына да тоскоол болуудабыз».

Бул тууралуу союздаштарынын сезимталдуу болушу керектигин айткан Акар : «Союздаштыктын мүчөсү бир өлкөгө кол салган, коопсуздук күчтөрүн шейит кылган, күнөөсүз адамдарды өлтүргөн террористтерди көрбөстүккө салган түшүнүк достук жана союздаштык руху менен дал келбейт.

Швеция менен Финляндиянын террордук уюмдарга саясий, финансылык жардам бериши, курал боюнча жардам бериши, алардын террордук уясына айланышы НАТО үчүн бир коркунуч. Ирактын, Сириянын түндүгүндөгү террористтер өлкөбүзгө карата кол салгандан кийин качып баш калкалоочу жер катары бул өлкөлөрдө болушу кабыл алынгыс. Бул союздаштык рухуна ылайык келеби, ушундай союздаштык болобу?»,- деп сурады.

Бул тууралуу далилдерди кесиптештерине көрсөткөндөрүн айткан Акар : «Швецияда жасалган АТ  - 4  танкка каршы курал бар. Террористтер тарабынан колдонулган бул куралдардан Ирактын жана Сириянын түндүгүндөгү операцияларыбызда көп санда колго түшүрдүк. Булардын фотографияларын, номерлеринин баарын жолугушууларыбызда ортого салдык»,- деди.

Швеция жана Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүнө карата процесс тууралуу берилген суроого  : «Түркия катары НАТОнун коопсуздугунун борборунда, НАТОнун баалуулуктарын жана жоопкерчиликтерин бөлүшкөн активдүү бир мүчөбүз»,- деп жооп берди Акар.



Тектеш кабарлар