Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Сербияда

Чавушоглунун 19 -  июнга чейин созула турган Балкан турунун алкагында Сербиядан кийин Хорватия, Босния  -  Грцеговина жана Косовага барышы пландалууда.

1844221
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Сербияда

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Сербияга барды. Чавушоглун борбор шаар Белградда Сербиянын президенти Александр Вучич кабыл алды. Вучич менен Чавушоглу делегациялар аралык жолугушууларды да өткөрүштү. 

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда бүгүн Түндүк Македониянын Охри шаарында өтө турган 2-Преспа диалог форумуна катыша турган министр Чавушоглу форумдун негизинде айрым эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт жана Түндүк Македониядагы түрк коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушат. 

Чавушоглунун 19 -  июнга чейин созула турган Балкан турунун алкагында Сербиядан кийин Хорватия, Босния  -  Грцеговина жана Косовага барышы пландалууда. 

 

 



Тектеш кабарлар